Крым Татар Элдик Өкүлдөр Кеңеши Киевде

Симферополдогу Крым Татар Элдик Өкүлдөр Кеңеши эми Киевде иш алып барат

225639
Крым Татар Элдик Өкүлдөр Кеңеши Киевде

Украианын президенти Порошенко Крым Татар Улуттук Парламентинин спикери Чубаровду кеңештин төрагасы катары милдеттендирди.
Украинанын мамлекет башчысы Пётр Порошенко тарабынан кол коюлган жобо менен Крым Татар Элдик Өкүлдөр Кеңешине байланыштуу 2000 - жылы 7 - апрелде бекитилген эрежеге өзгөртүүлөр киргизилди. Жаңы эрежеде мындан мурда Симферополдо иш алып барган кеңештин эми Киевде иш алып барары белгиленди.
Пётр Порошенко кол койгон башка бир жободо болсо Крым Татар Улуттук Парламентинин спикери Рыфат Чубаровдун Крым Татар Элдик Өкүлдөр Кеңешинин төрагасы болуп дайындалганы билдирилди. Жобо менен кеңештин төрагасынын Украина президенти тарабынан милдеттендирилери жана кызматынан алынарына чечим чыгарылды. Айрыкча Крым Татар Улуттук Парламентинин спикеринин Крым Татар Элдик Өкүлдөр Кеңешинин төрагасы боло алары белгиленди. Кеңештин төрагасынын кеңештин мүчөлөрүн белгилей алары жана кеңештин иштерин башкарары да жаңы түзөтүүдөн орун алды.
Украина президенттигинин негизинде иш алып бара турган кеңешүү органы болгон Крым Татар Элдик Өкүлдөр Кеңешинин негизги кызматтарынын арасында Крым татарлары тууралуу саясий, укуктук жана социо - экономикалык, маданий жана башка темаларда анализ, болжол жана сунуштарды даярдоо бар.
Өткөн жылы октябрь айында болгон жалпы шайлоодо Пётр Порошенконун блогунан 71 - орунда талапкер болгонуна карабастан депутат боло албаган Рыфат Чубаров ошол эле блоктон 65 - орунда депутат болуп шайланган Степан Барнунун кечээ Порошенко тарабынан Тернополь губернаторлугуна дайындалуусу менен депутат болгон.

 

 


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар