Иран түркмөн газын үчүнчү өлкөлөргө алып барууга даяр

Түркмөнстан Иранга эки башка жол менен 16 миллиард метр кубга жакын газ жиберүүдө

259023
Иран түркмөн газын үчүнчү өлкөлөргө алып барууга даяр

Иран Түркмөнстандан жаратылыш газ импортун арттырууга даярданууда. Түркмөнстанда Бердимухаммедов менен жолугушкан Ирандын мамлекет башчысы Рухани Түркмөнстандын жаратылыш газын жана нефтисин Иран аркылуу үчүнчү өлкөлөргө алып өтүүгө даяр экендерин айтты. Рухани : «Түркмөнстандан дагы көп жаратылыш газ алууга даярбыз»,- деди.
Хасан Рухани алдыбыздагы 10 жылдын ичинде тышкы соода көлөмүн 60 миллиард долларлык деңгээлге чыгарууну каалашкандарын билдирди. Түркмөнстан негизги соода өнөктөштөрүнүн бири болгон Иранга эки башка жол менен 16 миллиард метр кубга жакын жаратылыш газ жиберүүдө. Бул сандын 20 миллиард метр кубга чыгарылуусу максат кылынууда.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар