Түркмөнстандын президенти Бердимухамедов Түркияга келет

Бердимухамедов Анкарада сүйлөшүүлөрдү өткөрөт.

240007
Түркмөнстандын президенти Бердимухамедов Түркияга келет

Түркмөнстандын президенти Гурбангули Бердимухамедов президент Режеп Таййип Эрдогандын чакыруусу боюнча 3-4-мартта Түркияга расмий сапар жасайт.
Эрдоган менен Бердимухамедов Анкарада өткөрүлө турган жекеме-жеке жана делегациялар аралык сүйлөшүүлөр менен катар Стамбулда да Эл аралык инвестиция форумунун ачылыш аземине катышышат.
Президенттиктин басма сөз кызматынын билдирүүсүндө: «Сапар убагында өткөрүлө турган сүйлөшүүлөр, дос жана боордош эки өлкөнүн ортосундагы орток күн тартибинде орун алган темалардын каралышына, айрыкча аймактык жана эл аралык маселелер боюнча пикир алмашылышына мүмкүнчүлүк түзөт. Бул сапардын Түркмөнстан менен болгон көп багыттуу кызматташтыктын күчтөндүрүлүүсүнө салым кошушу күтүлүүдө»,- деп айтылды.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар