Сирия түркмөндөрү Түркияга таянат

Абдуррахман Мустафа: «Түркия ар дайым түркмөндөрдү колдойт»-деп айтты.

229050
Сирия түркмөндөрү Түркияга таянат

Сирия түркмөндөрү парламентинин төрагасы Абдуррахман Мустафа: «Түркия ар дайым түркмөндөрдү колдойт»-деп айтты.
Абдуррахман Мустафа түркмөндөр үчүн абдан маанилүү жана чоң баалуулугу болгон «Сүлейман шах» күмбөзүнүн өздөрү үчүн ар дайым көңүлүн көтөрүүчү булак болгонун белгиледи.
Сириядагы динамикалар күн өткөн сайын өзгөргөнүн айткан Мустафа, «Сириядагы түркмөндөрдүн абалы барган сайын дагы стратегиялык бурулушка кирүүдө. Түркиянын сөзсүз түркмөндөргө байланыштуу стратегиялык көз карашы жана ой пикири бар. Биздин жалгыз таянарыбыз да мына ушул. Аянттагы түркмөндөр сарсанаага кабылышпасын»-деп айтты.
Сириядагы согуштун эң көп жапа чегүүчүлөрү түркмөндөр болгонун, Халебдин бир түрк шаары болгонун жана ошондой эле кала турганын сөз кылган Мустафа: «Түркиянын кантип, мурасыбызды б.а. «Сүлейман Шах» күмбөзүн бир түндө коргоого алса, ал жердеги түркмөндөрдү , бизди да ошондой эле түрдө коргоп ала турганынына шегибиз жок»-деди.
Сирия түркмөндөрүнө кайрылган Мустафа: «Эч качан жалгыз эмеспиз. Бүткүл дүйнө каршыбызда болсо дагы Түркия ар дайым биз менен, бизди колдойт»-деп айтты.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар