Алиев Виктория Нуландды кабыл алды
Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Тоолуу Карабах маселеси жана эки тараптуу карым-катнаштар каралды.
221195
Азербайжандын президенти Илхам Алиев АКШнын мамлекеттик катчысынын орун басары Виктория Нуландды кабыл алды.
Жолугушууда Тоолуу Карабах маселеси жана эки тараптуу карым-катнаштар күн тартибине коюлду.
Азербайжандын президенттигинен маалымдалгандай жолугушууда эки өлкөнүн ортосундагы карым-катнаштардын өнүгүүсүнө болгон ыраазычылык сөз кылынды.
Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө энергетика, аймактык коопсуздук, террорго каршы күрөшүү менен катар Азербайжан-Армения алакалары, Тоолуу Карабах маселеси жана аймактагы чыңалуунун азайтылышы боюнча да пикир алмашылды.