Мевлүт Чавушоглу Түркмөнстанда

Чавушоглу Түркмөнстандагы жолугушууларын баштады.

199433
Мевлүт Чавушоглу Түркмөнстанда

Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу эки күндүк расмий иш сапары менен Түркмөнстанга барды.
Сапардын биринчи күнүндө эки тараптуу жолугушууларды өткөрө турган Чавушоглу экинчи күнү Түркия,Түркмөнстан жана Азербайжандын тышкы иштер министрлеринин үч тараптуу жыйынына катышат.
Жыйында дос жана боордош үч өлкөнүн транспорт, энергетика жана дипломатия тармактарындагы кызматташтык каралат.
Мевлүт Чавушоглу Түркмөнстан сапарын кесиптеши Рашид Мередов менен өз алдынча жолугушуп баштады.
Андан кийин делегациялар аралык жолугушуулар өткөрүлдү.
Чавушоглу Түркмөнстандын президенти Гурбангули Бердимухамедов менен да жолугушат.

 


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар