Уйгур түрктөрү адам сыяктуу жашоону каалайт

Сейит Түмтүрк дүйнөнүн уйгурлардын абалына көңүл бурбаганын баса белгиледи

105540
Уйгур түрктөрү адам сыяктуу жашоону каалайт

Дүйнөлүк уйгур конгрессинин башкы катчысынын орун басары Сейит Түмтүрк : «Уйгур түрктөрү өз жерлеринде жашоо укугу, дин жана эркиндик, саякат укугу, билим алуу эркиндиги жана адамдардын муундарынын уландысы болгон өөрчүү укугуна карата тыюу салуулардын жоюлуусу менен адам сыяктуу жашагысы келет»,- деди.
Анадолу агенттигине маалымат берген Түмтүрк президент Р. Т. Эрдогандын премьер – министрлик мезгилинде өздөрүнө колдоо бергенин белгиледи, мындан кийин да Түркиядан уйгур автоном аймагына байланыштуу так сөздөрдү, так чечимдерди күтүшкөндөрүн айтты.
Кытай өкмөтүнүн кысмакка алуучу жана адам укуктарын бузган кыймылдарын баса белгилеген Сейит Түмтүрк уйгур түрктөрүнүн тынчтык ичинде жана эркин жашагандан башка нерсе каалабаганын билдирди. Түмтүрк бүткүл дүйнөнүн көзү Газага бурулуп, уйгур автоном аймагында дагы көп кишинин бир күндө өлгөнүн, бирок дүйнөнүн муну көрбөгөнүн айтты.
БУУму да Европа Биримдиги жана Ислам Кызматташтык Уюму эч нерсе дебегенин айткан Түмтүрк бул сезимталсыздыкка таң калышкандарын билдирди.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар