Операнын жылдыздары Түркияга келишет

15-сентябрдан 30-сентябрга чейин Опера Күндөрү өткөрүлөт.

95143
Операнын жылдыздары Түркияга келишет


Түрк тилдүү өлкөлөрдүн арасында көркөм өнөр жана маданий кызматташтыкты өнүктүрүү максаты менен көп сандаган долбоорду ишке ашырган Эл аралык Түрк маданияты Уюму (ТҮРКСОЙ), быйыл опера өнөрпозу Лейла Генжердин жаркын элесине арнала турган 17-Опера Күндөрүндө түрк дүйнөсүнүн маанилүү опера чеберлерин жолугуштурат.
ТҮРКСОЙдун маалымат жана эл менен байланыштар кеңешчиси Салим Эзер өз билдирүүсүндө, биринчи жолу чыгыш түркстандык чеберлер да катыша турган Опера Күндөрүнүн 15-сентябрдан 30-сентябрга чейин өткөрүлө турганын айтты.
Эзер, түрк опера чебери Лейла Генжердин жаркын элесине арналып уюштурулган быйылкы иш-чараларда ТҮРКСОЙго мүчө өлкөлөрдөн 15 опера өнөрпозунун сахнага чыга турганын билдирди.
Түрк дүйнөсүнөн келе турган чеберлердин үндөрү алгач Стамбулдагы "Лейла Генжер" опера жана маданият борборунда жаңыра турганын баяндаган Эзер буларды айтты: «Бул иш-чараларга Түркия менен катар Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан, Түркмөнстан, Алтай, Башкирия, Гагаузия, Хакасия, Түндүк Кипр Түрк Республикасы, Якутия, Татарстан, Тыва менен Чыгыш Түркстандан да катышуу болот. Биринчи концерт Маданият жана туризм министрлигине караштуу Стамбул мамлекеттик опера жана балет оркестринин коштоосунда 15-сентябрда саат 20:00да өткөрүлөт. Бул тарыхый концерттен кийин түрк дүйнөсүнүн опера жылдыздары Түркия гастролуна чыгышат. Ушул алкакта Бурса, Айвалык, Бодрум, Мармарис жана Өдемиште концерттер коюлат».


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар