Түрк басма сөзү 21.03.2024

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

2118271
Түрк басма сөзү 21.03.2024

«Хабер түрк» гезити «Эрдоган: Экономикалык көрсөткүчтөр абдан жакшы» аттуу маалыматында президент Эрдогандын Ыспартадагы сөзүндө: «Жылдын экинчи жарымынан тарта ишке ашырган экономикалык программабыздын жыйынтыгын көрөбүз. Жалпы экономикалык көрсөткүчтөр абдан жакшы. Анын таасири инфляциянын төмөндөшү менен көрүлөт»,-деп айтканын баяндаган.

«Стар» гезити «Фидандан Түркиянын Европа Биримдигине мүчөлүгүнө байланыштуу ачык билдирүү» аттуу кабарында тышкы иштер министри Хакан Фидандын испаниялык кесиптешине Европа Биримдигине мүчөлүк Түркия үчүн стратегиялык максат бойдон калганын айтып, Түркиянын ЕБге мүчөлүк процессинин кээ бир өлкөлөрдүн куру саясий күн тартибине калтырыла албай тургандай маанилүү экенин дагы бир жолу кайталаганын маалымдаган.

«Хүррийет» гезити «Орусия: Эрдоганга Украинадагы тынчтык демилгеси үчүн ыраазыбыз» аттуу кабарында Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Мария Захарова президент Эрдоганга Украина менен Орусиянын ортосундагы тынчтык үчүн таштаган кадамдарынан улам ыраазы болгондорун айтканын баяндаган.

«Йенишафак» гезити «Министр Йумаклы: Рекорддор менен аяктады» деген маалыматында айыл чарба жана токой чарба министри Ибрахим Йумаклынын Түркия шекер ишканалары акционердик коомунун Башкы директорлугунун (TÜRKŞEKER) 2023-2024-жылдардын өнөктүк мезгилин тарыхый рекорд менен аяктаганын, бул мезгилде 9 миллион 60 миң тонна кызылча иштетилип, 1 миллион 161 миң 100 тонна кант өндүрүлгөнүн билдиргенин маалымдаган.

«Сабах» гезити «Дүйнөнүн эң мыкты жаш футболчулары белгилүү болду! Алдыңкы 10до 2 түрк жылдызы бар» деген кабарында дүйнөнүн эң мыкты 50 жаш талантын түзгөн GOAL тарабынан даярдалган гигант тизмеде Улуттук курамада ойногон эки түрк жылдызы алдыңкы 10го киргенин жазган. Тизмеде 5-орунду Арда Гүлер («Реал Мадрид»), ал эми Кенан Йылдыз («Ювентус») 8-орунду ээледи.



Тектеш кабарлар