Түрк басма сөзү 30.04.2024

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

2133560
Түрк басма сөзү  30.04.2024

 

"Сабах" гезити "Түркия үчүн шаарларды трансформациялоо мажбурдуулук" деген кабарында президент Эрдогандын АФАДдын төрагалыгында өткөрүлгөн бир аземде : "Калкынын  71 пайызы коркунуч жогору болгон жерлерде жашаган Түркия үчүн шаарларды трансформациялоо иштери тандоо эмес мажбурдуулук",- дегенин жазган.

"Хүррийет" гезити "Улуттук Чалгындоо Уюмунан Ирактын түндүгүнө операция жүргүзүлдү" деп билдирип, Улуттук Чалгындоо Уюмунун Ирактын түндүгүндөгү Хакрук аймагында акыркы бир жумада жүргүзгөн операцияларда араларында  уюмдун башкаруучулары да болгон ПКК/ЙПГнын 15 террористтинин жок кылынгандыгын жазган.

"Йени шафак" гезити "Министр Байрактардан жарытылыш газ сүйүнчүсү" деген маалыматында энергетика жана жаратылыш ресурстары министри Алпарслан Байрактардын Сакария газ аянтында күнүмдүк  4,5 миллион куб метр газ өндүрүлгөндүгүн жана мунун  1,8 миллион үйдүн муктаждыгын камсыздай аларын билдиргенин баяндаган.

"Стар" гезити "Түркияга күчтүү чет элдик ресурстар агымы" деп жазып, казына жана каржы министри Мехмет Шимшектин Ислам Өнүгүү банкы тобунун  2024 - 2026 -  жылга чейинки мезгилди жөнгө салуучу өлкө стратегиясынын алкагында Түркиядагы долбоорлорду 6,3 миллиард доллар менен каржылай турганын белгилеп : «Ишке ашырган Экономикалык программа менен  Түркияга карата тышкы ресурстар агымы күчтүү уланууда",-  дегенин билдирген.

"Ватан" гезити "Түрк аба жолдору Афганистан каттамдарын кайрадан баштайт" деген макаласында 2021 -  жылы Афганистанга карата каттамдарын токтоткон Түрк аба жолдорунун каттамдарын кайрадан баштай тургандыгын кабарлаган. 21 -  майда Афганистандын борбор шаары Кабулга кайрадан каттамдарын баштай турган аба жолу Стамбул  - Кабул каттамдарын жумада  4 күн аткарат. 

 



Тектеш кабарлар