Түрк басма сөзү 18.03.2024

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

2116586
Түрк басма сөзү 18.03.2024

«Хабертүрк» гезити «Эрдоган: Газада акыркы кылымдын эң ырайымсыз геноциддеринин бири болуп жатат» аттуу кабарында президент Режеп Таййип Эрдогандын, Газада акыркы кылымдын эң ырайымсыз геноциддеринин бири болуп жатканын белгилеп: «Эл аралык мекемелер жана уюмдар Газада дагы бир жолу ийгиликсиздикке учурады. Ислам дүйнөсү да бул процессте сынактан жакшы өтпөй калганын моюнга алалы»,-дегенин жазган.

«Йенишафак» гезити «Гүлер: Террорго каршы күрөшүбүз өжөрлүк жана чечкиндүүлүк менен уланат» аттуу маалыматында улуттук коргоо министри Яшар Гүлердин: «Мурдагы чектелген максаттуу жана мөөнөттүү операциялардын ордуна бүгүнкү күндө терроризмди өз булагында жок кылуу стратегиясы менен үзгүлтүксүз жана кеңири операцияларды жүргүзүп, террордук уюмдарга чоң сокку уруудабыз. Тынчтык жана коопсуздугубуз үчүн террорго каршы күрөшүбүздүн чечкиндүүлүк менен улана турганынан эч ким күмөн санабашы керек»,-дегенин билдирген.

«Хүррийет» гезити «Грек басма сөзү түрк коргоо өнөр жайынын ийгилиги тууралуу жазды» аттуу кабарында Түркия чыгарган куралдарды тыкыр иликтеген грек In.gr сайты көңүлдү бурган талдоо жазганын билдирген. In.gr: «Түркиянын коргоо өнөр жай өндүрүшү аскердик күчүн көптөгөн жолу көрсөттү» деген маалыматында түрк учкучсуз учуучу аппараттарынын согуш талаасында из калтырганына басым жасады.

«Стар» гезити «Байрактар: 2024-жылды ачылыш жылы деп жарыялайбыз» аттуу маалыматында энергетика жана жаратылыш ресурстары министри Алпарслан Байрактар, ​​Түркиянын дүйнөнүн эң өнүккөн терең деңиз бургулоочу жана сейсмикалык кемелерден турган флоту менен алдыңкы 10 өлкөнүн катарында экенин белгилеп: «2024-жылды геологиялык чалгындоо жылы деп жарыялайбыз»,-дегенин жазган.

«Сабах» гезити «Германия Орусияны артка калтырды» аттуу кабарында Антальяда апрель айынан кийинки мезгил үчүн орун брондогон немис туристтердин санынын 1,5 миллиондон ашканын билдирген. Туризм адистери немистер биринчи жолу 4 миллиондон ашып, орустарды артка калтырат деп болжолдошууда.



Тектеш кабарлар