Түрк басма сөзү   15.03.2024

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

2115775
Түрк басма сөзү   15.03.2024

«Хабер түрк» гезити  «Эрдоган : саламаттыкты сактоодо  инфраструктура боюнча Түркиядан жакшысы жок» деген кабарында президент Режеп Таййип Эрдогандын дүйнөнүн бир топ өлкөсүнөн дарылануу үчүн Түркияга келгендерин айтканын  жазган. Түркиянын саламаттыкты сактоо туризминен алган  үлүшүнүн барган сайын артып жатканын айткан Эрдоган : «Бул жылдын биринчи чейрегинде кайрылуулар  225 миңден ашты»,- деди.

«Сабах» гезити «Террор менен күрөшүүдө Ирак менен кызматташуу» деп жазып, Ирактын борбор шаары Багдадда  тышкы иштер министри Хакан Фидан, улуттук коргоо министри Яшар Гүлер жана Улуттук Чалгындоо Уюмунун  төрагасы Ибрахим Калын менен ирактык жетекчилердин ортосунда коопсуздук саммитинин өткөндүгүн белгилеген. Коопсуздук жана аскердик кызматташтык темаларына алдыңкылык берилип, террор менен күрөшүүдө биргелешкен түшүнүшүүнүн өнүктүрүлүшү каралды.

«Йени шафак» гезити «Британия менен жаңы мезгил» деген маалыматында соода министри Өмер Болаттын Британиянын   борбор шаары Лондондо Британиянын соода министри Кеми Баденоч менен жолугушкандгын жазган. Министр Болат, эркин соода келишиминин жаңыланышына байланыштуу  Британия менен сүйлөшүүлөрдүн башталганын билдирди.

«Хүррийет» гезити «HSBC Түркиянын өсүү болжолун жогорулатты» деп билдирип, түрк экономикасындагы оң көрсөткүч көңүлдөрдү бурууну улантып жаткандыгын белгилеген. Британиянын  HSBC банкы Түркиянын 2024-жылга карата өсүү болжолун 2,5 пайыздан 3,1 пайызга, 2025-жылдагы өсүү болжолун 3,5 пайыздан 3,6га жогорулатты.

«Стар» гезити «Түркиянын космостук иштери ылдамдады» деген макаласында Түркиянын биринчи астронавты Алпер Гезеравжынын учуруу операцияларын жасай ала турган ата мекендик аткычтын үстүндө иштеп жаткандарын айтканын баяндаган.  «Мамлекеттик ишмерлерибиз бул тууралуу жакшы кабарларды билдиришет»,-деген Гезеравжы : «Космос тармагында 10 максат коюлган жана бул максаттарга карай ишибиз уланууда»,-деди.



Тектеш кабарлар