Түрк басма сөзү 14.03.2024

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

2115181
Түрк басма сөзү 14.03.2024

«Хабер түрк» гезити «Эрдоган: Биз тымызын жүргүзүлгөн оюнду буздук» аттуу маалыматында президент Режеп Таййип Эрдогандын кечээки билдирүүсүндө: «Жикчил террор уюму бул жерлерге түзүлүүгө аракет кылынган зулум системасын улантуу үчүн өлкөбүзгө кыйынчылык жаратты. Акыркы 21 жылда жасаган демократия жана өнүгүү төңкөрүшү менен бул тымызын жүргүзүлгөн оюнду бардык элементтери менен буздук»,-деп айтканын баяндаган.

«Хүрриет» гезити  «Кечели: Террор менен күрөшүү темасында АКШга эмне күткөнүбүздү ачык айттык» аттуу маалыматында Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Өнжү Кечелинин министрликте өткөрүлгөн маалымат жыйынында тышкы иштер министри Хакан Фидандын АКШга болгон сапарында Вашингтонго террор менен күрөшүү темасында ачык билдирүүлөр берилгенин айтканын жазган.

«Сабах» гезити «Кара деңизде 3 маанилүү чекит аныкталды» деген кабарында энергетика жана жаратылыш ресурстары министри Алпарслан Байрактардын ​​быйыл энергетикада жаңы ачылыштар күтүлүп жатканын белгилеп: «2024-жылы Кара деңизде абдан маанилүү 3 жерде чалгындоо иштерин жүргүзөбүз»,-деп айтканын баяндаган.

«Стар» гезити «Аккую АЭСине эл аралык уруксат» аттуу макаласында Түркиянын биринчи атомдук электр станциясынын курулуш долбоорун ишке ашырып жаткан жана Орусиянын мамлекеттик атомдук энергетика корпорациясы Росатомдун филиалы болгон Аккую атомдук акционердик коомунун интеграцияланган башкаруу системасынын ISO стандарттарына жогорку деңгээлде шайкештиги тастыкталганын маалымдаган.

«Ватан» гезити «Дүйнөлүк курал экспортунда 11-орунга көтөрүлдүк» аттуу кабарында Президенттиктин Коргоо өнөр жайынын төрагасы Халук Гөргүндүн 2018-2022-жылдар аралыгында дүйнөлүк негизги курал экспортунун 1,1 пайызын ишке ашырган жана 12-орунда турган Түркиянын 2019-2023-жылдар аралыгында бул көрсөткүчтү 1,6 пайызга жогорулатып, 11-орунга көтөрүлгөнүн жарыялаганын жазган.



Тектеш кабарлар