Түрк басма сөзү 12.03.2024

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

2114040
Түрк басма сөзү 12.03.2024

«Йени шафак» гезити «Эрдоган : террорго каршы күрөшүбүз улуттук кайра жаралуу»  деген маалыматында президент Режеп Таййип Эрдогандын Рамазандын биринчи ооз ачуусунда шейит жакындары жана ардагерлер менен жолугушканын жазган. Эрдоган ПКК жана Фетуллахчы террордук уюм ФЕТӨ башта болгон террордук уюмдарга каршы күрөштүн улуттук кайра жаралуу экендигин айтканын белгилеген. Президент : «Түркияны чыныгы мааниде көз карандысыз мамлекетке айландырдык»,- деди.

«Ватан» гезити «Ирактын түндүгүндөгү террор жай айларында бүтөт» деп жазып, улуттук коргоо министри Яшар Гүлердин бул жайда Ирактын чек арасын коопсуздук астына ала турган чамбарды акырына чыгарып, террорду маселе  болуудан чыгара тургандарын айтканын белгилеген. Министр Гүлер : «Чек араларыбызда 30 – 40  километр ичкериде коопсуздук коридорун түзүүдө толугу менен чечкиндүүбүз»,- деди.

«Хабер түрк» гезити «Түркияда жумуш менен камсыз кылуу катнашы эң жогорку деңгээлде» деген маалыматында вице  - президент Жевдет Йылмаздын жумушсуздук маалыматтарынын орто мөөнөттүү программа күтүүлөрүнөн дагы жакшы көрсөткүчтү көрсөткөнүн айтканын белгилеп: «Иш менен камсыз кылуу көрсөткүчүбүз 49 пайыз менен бүгүнкү күнгө чейинки эң жогорку деңгээлге жетти»,-дегенин билдирген.

«Стар» гезити «Алтун : Газа чындыктарын ортого чыгарууну улантабыз» деп билдирип,  президенттиктин коммуникация башкармалыгынын төрагасы Фахреттин Алтундун Израилдин жалган маалыматтарына каршы чындыктарды ортого чыгарууну уланта тургандарын  айтканын баяндаган. Алтун батыш медиасынын  терсине Анадолу агенттигинин жана Түркия радио телекөрсөтүү мекемеси ТРТнын Газадагы чындыктарды дүйнөлүк коомчулуктун күн тартибине алып чыгуу үчүн аракет кылып жаткандыгын белгиледи.

«Хүррийет» гезити «Түркиянын экономикалык саясаттары бекем» деген макаласында казына жана каржы министри Мехмет Шимшектин эл аралык кредиттик рейтинг агенттиги Фитчтин Түркиянын рейтингин жана көз карашын көтөрүүсүнө баа бергенин баяндаган.  Шимшек : «Түркиянын рейтингинин жана көз карашынын жогорулашы туура экономикалык саясаттардын күчүн көрсөтөт»,-деди.



Тектеш кабарлар