Түрк басма сөзү 13.02.2024

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскча маалыматтар.

2101440
Түрк басма сөзү 13.02.2024

«Хүррийет» гезити «Эрдогандан Ф  - 16 билдирүүсү» деген кабарында президент Режеп Таййип Эрдогандын кечээки кабинет жыйынынан кийин жиберген билдирүүсүндө АКШ менен жүргүзүлгөн Ф  - 16  аскердик учактары тууралуу сүйлөшүүлөрү үчүн : «Талабыбыз оң жыйынтыкталгандыгы үчүн кубанычтабыз»,- дегенин билдирген.

«Стар» гезити «Израилдин Рафах шаарына карата кол салууларына Түркия каршылык көрсөттү» деп жазып, тышкы иштер министрлигинин : «Израилдин Газа тилкесинде ушул күнгө чейин жасаган кыйратуу жана кыргындардан кийин түштүктөгү Рафах шаарына карата күч алган кол салууларынан абдан тынчсыздануудабыз. Бул кыймылды Газа калкын өз жерлеринен сүрүп чыгуу планынын бир бөлүгү катары баа берип жатабыз»,- деп билдиргендигин жазган.

«Хабер түрк» гезити «Алпер Гезеравжы өлкөгө кайтты» деген макаласында Түркиянын биринчи астронавты Алпер Гезеравжынын учагы кечээ Анкара Эсенбога аэропортуна конгондугун белгилеген. Гезеравжы  пресс  - жыйындагы билдирүүсүндө : «Кыйынчылыкка кабылган учур болгон жок», - деди. Андан соң президент Режеп Таййип Эрдоган Түркиянын биринчи астронавты Алпер Гезеравжыны кабыл алды.

«Ватан» гезити «Уралоглу : Учкучсуз учуучу аппараттарыбыз Түрксат спутниктери аркылуу текшерилет» деп жазып,  Транспорт жана инфраструктура  министри Абдулкадир Уралоглу Түркиянын улуттук учкучсуз учуучу аппараттары башта болгон бардык учкучсуз учуучу аппараттардын Түрксат спутниктери аркылуу текшериле аларын белгилегендигин жазган.

«Сабах» гезити «Жумушсуздук бир орундуу санга жетти» деген макаласында Түркия статистика мекемесинин декабрь айындагы жумушсуздук сандарын билдиргенин кабарлаган.  Түркияда жумушсуздук декабрь айында 8,8 пайызга келип бир орундуу санга жетти.



Тектеш кабарлар