Түрк басма сөзү 12.02.2024

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

2100871
Түрк басма сөзү 12.02.2024

«Йени Шафак» гезити «Эрдоган, шаарды трансформациялоо процессин дагы да ылдамдатабыз» аттуу кабарында президент Режеп Таййип Эрдогандын, 2023-жылдын 6-февралында очогу Кахраманмараш болгон жер титирөөлөрдөн кийин аймакты кайрадан калыбына келтирүү аракеттерин ылдам түрдө улантып жаткандарын баса белгилегенин билдирген. Эрдоган шаарды трансформациялоо процессин дагы да ылдамдата тургандарын айтты.  

«Хүррийет» гезити «Эрдоган: Ишенимсиздик атмосферасына жол бербейбиз» аттуу маалыматында президент Эрдоган, Адилеттик жана өнүгүү партиясынын (АК партия) Стамбул Күчүкчекмеже муниципалитетинин талапкери Азиз Йениайдын шайлоо өнөктүгү учурунда болгон куралдуу кол салууга реакция кылганын жазган. Эрдоган: «Түркиянын ишенимсиздик чөйрөсүнө сүйрөлүшүнө эч качан уруксат бербейбиз»,-деди.

«Стар» гезити «Пентагон: Түрк куралдуу учкучсуз учуучу аппараттары доктриналарды жарактан чыгарды» аттуу кабарында Америка Кошмо Штаттарынын Коргоо министрлигинин (Пентагон) өкүлдөрү, Түркиянын коргоо өнөр жайына мактоо айтышканын жазган. Жетекчилер: «Түрк куралдуу учкучсуз учуучу аппараттары технологияларындагы өнүгүүлөрдү кызыгуу менен байкап жатабыз. Түрк куралдуу учкучсуз учуучу аппараттары кургактык согуштарынын жазылган доктриналарын жарактан чыгарды»,- дешти.

«Сабах» гезити «Түркияда аял академиктердин көрсөткүчү Европа жана OECDден жогору» аттуу маалыматында Түркияда университеттердеги аял академиктердин көрсөткүчүнүн 46,4 пайызга өскөнүн билдирген. Ушундайча Түркия Европа менен Экономикалык Өнүгүү жана Кызматташтык Уюму (OECD) өлкөлөрүндөгү 43 пайыз болгон аял академиктердин орточосунан ашты.

«Хабер түрк» гезити «Стамбул биржасы 2024-жылы алдыга чыкты» аттуу кабарында Стамбул биржасында BIST 100 индекси жыл башынан бери 21,1 пайыздык кирешеси менен дүйнөнүн негизги индекстерин артка калтырганын жазган. Рекорд деңгээлин жогорулатууну уланткан BIST 100 индексинен кийин 10,3 пайыз менен Япониянын Nikkei 225 индекси турат.



Тектеш кабарлар