Түрк басма сөзү 9.02.2024

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

2100051
Түрк басма сөзү  9.02.2024

 

"Йени шафак" гезити "Коргонуу өнөр жайынын инвестицияларын жер титирөө болгон аймакка багыттап жатабыз" деген кабарында, президент Режеп Таййип Эрдогандын кечээ Адыяманда жер титирөө турак жайлары үчүн чүчү кулак тартуу жана ачкычтарды тапшыруу аземине катышкандыгын кабарлаган. Эрдоган  2  миң  798 турак жайды тапшыруу аземинде "Коргоо өнөр жайынын инвестицияларын жер титирөө аймагына багыттап жатабыз",- деди. 

"Хабер түрк" гезити "Кремл : Путиндин Түркияга жасай турган сапарынын күнү азырынча белгисиз" деп жазып, Кремлдин катчысы Песковдун кечээ берген билдирүүсүндө орус лидер Путиндин Түркия сапарына байланыштуу даярдыктардын жүргүзүлүп жаткандыгын белгилеп : "Күн такталганда өнөктөштөрүбүз менен бөлүшөбүз",- деди. 

"Стар" гезити "Бир жумада  44 террорист жок кылынды" деген маалыматында кечээ Улуттук коргоо министрлиги өткөргөн маалымат берүү жыйынында аткарылган операциялардын натыйжасында Ирактын жана Сириянын түндүгүндө  акыркы бир жумада  44 террористтин жок кылынгандыгы маалымдалды. 

"Сабах" гезити "Анталья туризмде  2024 - жылды ылдам баштады" деп билдирип, туризмде өткөн жылды рекорд менен жапкан Антальянын 2024 - жылдын биринчи айында мурдагы жылдын ошол эле мезгилине караганда  4,13 пайыздык өсүү менен  229 миң  97 туристти тосуп алгандыгын жазган.

"Ватан" гезити "Түркия 2023 -  жылы дүйнөлүк ун рекордуна жетишти" деген макаласында Түркиянын 2023 -  жылы  3 миллион  663 миң тонналык ун экспортун ишке ашырып дүйнөлүк ун экспорту рекордуна жетишкендигин кабарлаган. 

 

 



Тектеш кабарлар