Түрк басма сөзү 26.01.2024

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

2093669
Түрк басма сөзү 26.01.2024

"Хабер түрк" гезити "Эрдогандан Палестина дипломатиясы" деген кабарында президент Режеп Таййип Эрдогандын Түштүк Африканын Президенти Рамафоса менен телефон аркылуу сүйлөшкөндүгүн билдирген. Израилдин Палестинага карата кол салуулары эки тараптуу карым  - катнаштар жана глобалдык маселелер каралды. Эрдоган Түркиянын бул доонун адам укуктарына ылайык жыйынтыкталышы жана Израилдин ылайык болгон жазаны алышы үчүн аракет кылышарын айтты. 

"Сабах" гезити "Түркиядан Швецияга НАТО визасы" деп билдирип, президент Эрдогандын Швециянын Түндүк Атлантика келишимине кошулушуна байланыштуу Түркия Улуу Улуттук Парламентинде кабыл алынган мыйзамдын жарыяланышына чечим чыгаргандыгын жана Швециянын НАТОго кошулуу протоколуна байланыштуу Президенттик чечимине кол коюп тийиштүү протоколду бекиткендигин жазган.

"Хүррийет" гезити "Түркиядан террор менен күрөшүүдө так билдирүү" деген маалыматында президент Эрдогандын жетекчилигинде чогулган Улуттук коопсуздук кеңешинин жыйынынан кийин жазуу түрүндө маалымат берилгендигин баяндаган. Билдирүүдө : "Өлкөбүз үчүн коркунуч туудурган бардык террордук уюмдарды жана уландыларын, эл аралык мыйзамдан келип чыккан укугубуздун алкагында убакыт жана жер дебестен бутага алууну улантабыз",- деп айтылды. 

"Йени шафак" гезити "Түркиядан АКШнын Сириядан  чегинерине байланыштуу билдирүү" деген макаласында Улуттук коргоо министрлигинен АКШнын Сириядан чегинерине байланыштуу билдирүү келгендигин баяндаган. Билдирүүдө : "Бул тууралуу расмий билдирүүнү жана ишке ашырууну көрбөстөн мындай кабарларга этияттык менен мамиле кылуу керек",- деп айтылды. Коргоо жана коопсуздук темаларында аймактагы бардык абалдардын жакындан изилденип жаткандыгы баса белгиленди. 

"Стар" гезити "Астана саммитинде Түркия, Россия жана Ирандан биргелешкен чечим" деп жазып, Казакстанда өткөн Сирия темалуу  21 -  Астана сүйлөшүүлөрүндө механизмдин кепил өлкөлөрү болгон Түркия, Россия жана Иран террорчулук менен күрөшүү жана коңшу өлкөлөрдүн улуттук коопсуздугуна,  чек арага коркунуч келтирген сепаратисттик күн тартибине каршы кызматташууну улантууга чечим чыгарылгандыгын маалымдаган. 

 

 



Тектеш кабарлар