Түрк басма сөзү  23.01.2024

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

2092232
Түрк басма сөзү  23.01.2024

«Хүррийет» гезити «Алпер Гезеравжы президент Эрдоган менен байланышты» деген кабарында  президент Эрдогандын космоско барган биринчи түрк космонавт Алпер Гезеравжы менен Эл аралык космостук  станциядагы  үчүнчү күнүндө ишке ашырган түз байланышта : «Бул миссия менен бирге балдарыбыздын жана жаштарыбыздын космоско болгон кызыгуулары дагы да артат. Сен биринчи космонавтыбыз болдуң. Бирок албетте акыркы болбойсуң. Эми Түркия да учкучтуу  космостук миссиясын аткарган саналуу өлкөлөрдүн арасында орун алды. Буюрса бул сапарыбыз күчтөнүү менен улантылат»,- деди.

«Стар» гезити «Министр Гүлер : Алпер Гезеравжынын космостук сапары өлкөбүз үчүн тарыхый учур» деп билдирип, Улуттук коргоо министри Яшар Гүлердин кечээ жасаган билдирүүсүндө биринчи жолу түрк жаранынын, аба күчтөрүнүн тандамал кызматкери болгон учкуч, полковник Алпер Гезеравжынын космостук сапарга чыккандыгын белгилеп : «Бул сапар өлкөбүздүн  билим жана технология тармагындагы өнүгүшүнүн жаңы жана тарыхый бир кадамы. Мындан кийин да космостук  эмгектерибиз чечкиндүүлүк менен улантылат»,- дегенин белгилеген.

«Ватан» гезити «ПКК/ЙПГнын  14 террористти жок кылынды» деген маалыматында кечээ түрк куралдуу күчтөрүнөн берилген маалыматта : «Баатыр түрк куралдуу күчтөрүбүз Сириянын түндүгүндөгү Эвфрат калканы аймагына ок аткан ПКК/ЙПГнын  14 террористти жок кылынды»,- деп айтылды.

«Сабах» гезити «Структуралык реформалар ишке ашырылат» деп билдирип, Экономика кординация кеңешинин кечээ вице  - президент Жевдет Йылмаздын  жетекчилигинде чогулгандыгын баяндаган. Жыйындан кийин жасалган билдирүүдө : «Алдыбыздагы мезгилде Түркия кылымы көз карашынын алкагында инвестиция, жумуш менен камсыз кылуу, өндүрүш жана экспортко көңүл бурган аракетибиз менен экономикабыздын конкуренция күчүн жана түшүмдүүлүктү  арттыруучу структуралык реформа ишке ашат»,- деп айтылды.

«Хабер түрк» гезити «Түркия менен Азербайжандын ортсундагы соода көлөмү  2023 -  жылы өстү» деген макаласында Түркия менен Азербайжандын ортосундагы тышкы соода көлөмүнүн 2023 -  жылы андан бир жыл мурункуга караганда  31 пайызга өсүп  7, 65 миллиард доллар блгондугун  кабарлаган.



Тектеш кабарлар