Түрк басма сөзү 22.01.2024

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

2091600
Түрк басма сөзү 22.01.2024

«Хүррийет» гезити «Түрк астронавты космосто 13 илимий изилдөө жүргүзөт» аттуу кабарында түрк астронавты Алпер Гезеравжы 14 күн боло турган Эл аралык космос станциясында 13 түрдүү илимий сыноонун үстүндө иштей турганын билдирген. Бул сыноолор микрогравитация, космостогу адамдын ден соолугу, Туз көлү өсүмдүгүнүн космос чөйрөсүндө изилдениши жана катуу суюктук аралашмаларын изилдөөнү камтыйт.

«Йени Шафак» гезити «Гезеравжы астронавттардын ден соолук көйгөйлөрүн иликтейт» аттуу маалыматында түрк астронавты Алпер Гезеравжынын космосто жүргүзө турган сыноолорунун биринин да дем алуу системасынын физиологиясы боюнча боло турганын жазган. Гезеравжы жасалма интеллект колдоого алынган ыкма менен астронавттардын таасирлене турган аз тартылуу күчү себеп болгон ден соолук көйгөйлөрүн аныктоого аракет кылат. Бул сыноо дүйнө жүзү боюнча космостук ден соолукту изилдөөгө жаңы дем күч берет.

«Сабах» гезити «Космостук саякат балдарды шыктандырды» аттуу кабарында Түркиянын космостук сапары балдарды да шыктандырганын жазган. Бул кызыгуу, электрондук соодага да чагылды. Акыркы жумада астронавттардын костюмдарына жана футболкалары менен маскаларына кызыгуу артты. Түркиянын Текнофест жаштары космостук изилдөөлөрүн ылдамдатат.

«Стар» гезити «Түркия Айга космостук кеме жөнөтөт» аттуу маалыматында биринчи астронавтын космоско жөнөткөн Түркиянын кийинки кадамынын «Ай долбоору» болорун билдирген. Ушул алкакта ишин уланткан Түркия 2026-жылы Айга биринчи космостук кемесин жөнөтүүнү пландоодо. Түркия Айга өзү иштеп чыккан космостук кеме менен жетет.

«Хабер түрк» гезити «Түрк профессорунан рак клеткаларынын жайылышын алдын алуу боюнча изилдөө» аттуу кабарында Сивас Жумхурийет университетинин окутуучусу проф. др. Бирнур Аккая рак клеткаларынын жайылышын алдын алуу үчүн баштаган изилдөөсүндө натыйжаларга жетишкенин жазган. Проф. др. Аккая рак жана залалдуу клеткалардын тамыр беттерине жабышып жайылышын алдын алган сульфатид сымал хитозан туундусу кошулма молекуланы синтездеди. Түркиялык профессор рак клеткаларынын жайылышын алдын ала турган изилдөөнүн патентин алды.



Тектеш кабарлар