Түрк басма сөзү 06.04.2023

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

1970695
Түрк басма сөзү 06.04.2023

«Стар» гезити «Президент Эрдогандын Израилге каршы чыгуусу» аттуу маалыматында президент Режеп Таййип Эрдогандын кечээги билдирүүсүндө Израиль аскерлеринин Месжид-и Аксага жасаган чабуулдарына байланыштуу: «Түркия кол салуулар алдында унчукпай тура албайт. Месжид-и Аксага кол салуу, Харем-и Шерифтин ыйыктыгын тебелөө биздин кызыл сызыгыбыз»,- деп айтканын жазган.

«Сабах» гезити «Түркия аба мейкиндигин жапты» аттуу кабарында Ирактын Сүлейманийе шаарында жикчил террордук уюм ПККнын кыймыл-аракеттеринин күчөшү жана террордук уюмдун аэропортко киришинен улам Түркия аба мейкиндигин жапканын маалымдаган. Буга ылайык, Сүлейманийеге бара турган учактар ​​Түркия аркылуу өтө албайт.

«Хүррийет» гезити «Министр Чавушоглудан абдан ачык «Швеция» билдирүүсү» деген кабарында тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглунун НАТОнун тышкы иштер министрлеринин кечээки жыйынынан кийин сүйлөгөн сөзүндө, Швециянын НАТОго мүчөлүгү тууралуу ачык айтып: «ПККнын пропагандасы ачыктан-ачык жасалып жатат, Швеция муну токтотушу керек, террористтердин экстрадицияланышына байланыштуу конкреттүү кадамдарды көргүбүз келет»,- деп айтканын баяндаган.

«Йени шафак» гезити «Ички иштер министрлиги: 80 террорист жок кылынды» аттуу кабарында Ички иштер министрлигинин кечээки билдирүүсүндө, ички коопсуздук операцияларынын алкагында март айында 4ү жогорку башкаруучу делген 80 террористтин жок кылынганы белгиленгенин маалымдаган.

«Хабер түрк» гезити  «Орус космонавты Антальянын космостон тартылган сүрөтүн бөлүштү» аттуу кабарында орус космонавты Олег Артемьев Анталиянын космостон тартылган сүрөтүн «керемет жылуу шаар» деген билдирүү менен бөлүшкөнүн маалымдаган. Артемьев социалдык медиа эсебинде Түркиянын Жер Ортолук деңизинин жээгинде жана түштүгүндө меймандос эс алуу шаары бар экенин белгиледи.



Тектеш кабарлар