Түрк басма сөзү 14.03.2023

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

1959367
Түрк басма сөзү 14.03.2023

«Ватан» гезити «Шайлоо билдирүүсү жарыяланды» деген кабарында Ички иштер министрлигинин 81 облустун губернаторлугуна «Шайлоо чаралары тууралуу билдирүү» жибергендигин жазган. Билдирүүдө президенттик жана парламенттик шайлоонун 2023 -  жыл 14 -  май күнү президенттик шайлоо экинчи добуш берүүгө кала турган болсо  2023 - жыл  28 -  май жекшемби күнү өткөрүлөрү белгиленди. Билдирүүдө шайлоонун тынчытык жана коопсуздук шарттарында  өтүшү үчүн көрүлгөн чаралардын каралып чыгылышынын чоң мааниге ээ экендиги билдирилди.

«Хабер түрк» гезити «Ибрахим Калындан АКШ конгресс мүчөлөрүнө чакыруу» деп билдирип, президенттиктин катчысы Ибрахим Калындын Түркия жана АКШнын ортосунда бири бирине карата урмат  - сый жана ишенимдин бар экендигин белгилеп : «Конгресс мүчөлөрүнүн Түркияга келишине кубанабыз» дегенин билдирген. Калын НАТО мүчөлүгү үчүн Түркиянын уруксатына муктаж Финляндия тууралуу «алдыбыздагы күндөрдө жакшы абалдардын» болорун айтты.

«Стар» гезити «БУУ : Эми Түркияга марттык менен мамиле кылуунун учуру келди» деген макаласында Бириккен Улуттар Уюмунун гуманитардык координациялык кеңсесинин Женевадагы өкүлү жана координациялык бөлүмүнүн директору Рамеш Раджасингхам Түркиянын гуманитардык темалардагы маанилүү ролуна жана муктаж болгондорго колдоо көрсөтүүсүнө басым жасагандыгын айтканын белгилеген. Раджасингхам : «Жер титирөөгө дуушар болгон Түркияга карата марттык менен мамиле кылуунун учуру келди»,- деп дүйнөнүн бардык жеринен донорлорду Түркияга жардам берүү чакырыгына мүмкүн болушунча марттык менен салым кошууга чакырды.

«Хүррийет» гезити «Бул жумада ТОГГдун сатуу процесси башталат» деп жазып, Түркиянын электрлүү унаасы ТОГГ бул жуманын ичинде сатыкка чыгарын билдирген. ТОГГ дүйнөнүн ийгиликтүү элктрлүү унаасы эле болуп калбайт. Өзү менен кошо көп сандаган технология демилгесинин жаралышына да себеп болот. ТОГГдун сатыкка чыга турган биринчи модели C сегментиндеги жол тандабас болот. Жылдын акырына чейин болжол менен 20 мин автомобиль чыгарылат.

«Сабах» гезити «Муглада рекорддук санда турсит күтүлүп жатат» деген маалыматында  Муглада бул сезондо туристтердин көп болушу күтүлүп жаткандыгын маалымдаган. Туризм секторунун өкүлдөрү октябрь айынын акырына чейин Даламан аэропортуна 2 миллион туристтин келерин билдиришти. Эң көп турист Бириккен Королдуктан келери күтүлүп жаткандыгы белгиленди. Алгачкы каттам 17 -  мартта башталат.



Тектеш кабарлар