Түрк басма сөзү 13.03.2013

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

1958654
Түрк басма сөзү 13.03.2013

«Хүррийет» гезити «Эрдоган: Хатайды эч качан жалгыз калтырбайбыз» аттуу маалыматында Жер титирөө болгон аймакта иликтөө жүргүзүү үчүн кечээ Хатайга барган президент Режеп Таййип Эрдоган: «Биринчи күндөн бери бардык мекемелерибиз менен талаадабыз, Хатайды эч качан жалгыз калтырбайбыз»,-деди деп баяндаган. Эрдоган: «Учурда жер титирөө болгон аймакта 426 миң чатыр тиктик, 2 айда 100 миң контейнерди ишке киргизүүнү пландап жатабыз»,-деди.

«Йени шафак» гезити «Чавушоглу: Эл аралык донорлор конференциясы өткөрүлөт» деген кабарында тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглунун 6-февралда очогу Кахраманмараш болгон жер титирөөлөрдөн кийин апааттан жапа чеккендер үчүн Эл аралык донорлор конференциясынын өткөрүлөрүн айтып: «Бул конференция Европа Биримдиги жана кезектешкен төрага Швециянын биргелешкен демилгеси менен 20-март дүйшөмбү күнү өткөрүлөт»,-деп айтканын баяндаган.

«Хабер түрк» гезити «Пакистандан жер титирөөдөн жабыркагандар үчүн миң 200 чатыр» аттуу кабарында Кахраманмараштагы эки чоң жер титирөө таасирин тийгизген 11 облуска чет өлкөлөрдөн гуманитардык жардам материалдары келип жатканын маалымдаган. Ушул алкакта жер титирөөдөн жабыркагандар үчүн Пакистандан жиберилген 1200 кышкы чатыр кечээ Аданага келди.

«Стар» гезити «Түркиядан F-16 эскертүүсү» деген кабарында улуттук коргоо министри Хулуси Акар кечээки билдирүүсүндө, АКШ менен болгон F-16 сүйлөшүүлөрүнө байланыштуу: «Конгресс баскычын күтүп жатабыз, жалпысынан конструктивдүү чөйрө бар. Биз бул маселеде алсыз эмес экенибизди жана биздин варианттарыбыз бар экенин бардыгы билишин каалайбыз»,-деп айтканын баяндаган.

«Сабах» гезити «Огузхан дүйнө чемпиону» аттуу маалыматында улуттук аткыч Огузхан Түзүн Катарда өткөн учкан табакты атуу боюнча дүйнөлүк кубокто алтын медалга ээ болду..

 



Тектеш кабарлар