Түрк басма сөзү  10.03.2023

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

1957680
Түрк басма сөзү  10.03.2023

«Хабер түрк» гезити «Шентоп : БУУда кенен түрдөгү реформа шарт» деген кабарында Түркия Улуттук Парламентинин спикери Мустафа Шентоптун  глобалдык тынчтыкты түзө албаган БУУнун Коопсуздук Кеңешинин түзүлүшү өзгөртүлүшү керектигин белгилегенин жазган. Шентоп : «Бардык өлкөлөрдү кызыктырган маселелерде 5 өлкөнүн чечим чыгарышы эми кабыл алынгыс жана улантыла албайт»,- деди.

«Ватан» гезити «АКШдан Түркияны ыраазы кылган колдоо» деп жазып, Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглунун 6 -  февралдагы Кахраманмараш жер титирөөлөрүнөн кийин көрсөтүлгөн күчтүү эл аралык тилектештиктин Түркияга колдоо, моралдык күч бергендигин айтканын белгилеген. Чавушоглу : «Алдыбыздагы мезгилде кабылына келүү жана кайрадан куруу процесстеринде Европа Биримдиги менен кызматташуубузду улантабыз»,- деди.

«Сабах» гезити «Түркия дан коридору үчүн кайрадан аракетке өттү» деген макаласында Улуттук коргоо министри Хулуси Акардын Россия  -  Украина согушунан улам азык  - түлүк кризиси коркунучун жок кылууга карата Түркиянын аракеттери менен түзүлгөн жана мөөнөтү 18 -  мартта толо турган дан коридорунун улантылышына карата иштердин жүргүзүлүп жаткандыгын билдирген. Акар Россия жана Украинанын бул тууралуу оң карашкандарын айтты.

«Йени шафак» гезити «Түркиядан Сауд Арабияга рекорддук деңгээлде экспорт» деп билдирип, экспорттогу чечкиндүүлүк менен жолун уланткан Түркиянын Сауд Арабияга тышкы соодада да чоң ийгиликтерге жетишкендигин кабарлаган. Түркиянын Сауд Арабияга экспорту январь  -  февраль мезгилинде өткөн жылдын ушул эле мезгилине караганда 32 эсеге чыгып 11 миллион 209 миң доллардан 367 миллион 363 миң долларга жогорулады.

«Стар» гезити «Немис туристтер Түркияны тандашты» деген кабарында немисдердин саякат тандоолорунда Түркиянын биринчи орунда тургандыгын маалымдаган. Германиянын туристтик агенттиктер ассоциациясынын төрагасы Норберт Фибиг : «Декабрь, январь жана февраль айларында күчтүү заказдарды алдык. Түрк өнөктөштөрүбүз жана досторубуз үчүн жакшы нерсе Түркиянын эң жогоруда болушу»,- деди.



Тектеш кабарлар