Түрк басма сөзү 09.03.2023

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

1957028
Түрк басма сөзү 09.03.2023

«Стар» гезити «БУУ: Эми жоомарттык кезеги бизге келди» аттуу маалыматында Европа Биримдиги 16-мартта Бельгиянын борбор шаары Брюсселде Түркия үчүн донорлор конференциясына даярданып жатканда Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүгүү программасынын өкүлү Луиза Винтондон чакыруу келгенин маалымдаган. Винтон: «Убуганда Түркиянын сириялыктарга көрсөткөн берешендигин эми жер титирөөдөн жапа чеккен Түркияга дүйнөнүн көрсөтүүсүнүн убагы келди»,-деди.

«Сабах» гезити  «БУУ: Түркия кыска убакытта чоң иш жасады» деген кабарында «кылымдын апаатынан» жапа чеккен Адыямандагы жер титирөөдөн жабыркагандар турган убактылуу контейнер шаарына барган Бириккен Улуттар Уюмунун Кырсыктарды баалоо жана координациялоо тобу (UNDAC) курулган контейнер шаарын «6 күн сыяктуу кыска убакытта чоң иш» деп баалаганын баяндаган.  Адыяманда 500 контейнерден турган толук жабдылган шаар курулду. Бир айдын ичинде контейнерлердин санын 1817ге жеткирүү максат кылынууда.

«Хүррийет» гезити «Финляндиянын жана Швециянын билдирүүлөрү конкреттүү кадамдарга айланышы керек» аттуу маалыматында Швеция менен Финляндиянын НАТОго мүчөлүк процесстерине токтолгон (Түрк) дипломатиялык булактар: «Кээ бир мыйзамдардагы өзгөртүүлөр жана түшүндүрмөлөр конкреттүү кадамдарга айланышы керек»,-деп айтканын жазган. Терроризмди каржылоону, жалдоону, пропагандалоону жана террордук аракеттердин алдын алуу боюнча эки өлкөдөн конкреттүү кадамдар күтүлүүдө.

«Хабер түрк» гезити «Айыл чарба экспортунда рекорд» деген кабарында Түркиянын айыл чарба сектору 5 миллиард 434 миллион доллар менен январь-февраль айларынын эң жогорку экспортун ишке ашырганын маалымдаган. Жылдын биринчи 2 айында 2022-жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу 2,7 пайызга өскөн айыл чарба экспорту Түркиянын жалпы экспорт сатууларынан 16,2 пайыздык үлүштү алды.

«Йени Шафак» гезити «TOGG үчүн саналуу күндөр калды» аттуу кабарында Түркиянын алгачкы ата мекендик жана электрдик унаасы болгон TOGGдун бет ачарында биринчи жеткирүүнүн март айынын аягында болоору айтылганын маалямдаган. Togg C-SUV ушул айда сатыкка чыгып, айдын аягында жолго чыгат деп күтүлүүдө. TOGG алдын ала буйрутма процесси жакында TOGG расмий веб-сайтында жана Trumore мобилдик тиркемесинде ишке киргизилет.



Тектеш кабарлар