Түрк басма сөзү 17.1.2023

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

1933648
Түрк басма сөзү 17.1.2023

«Ватан» гезити «Министр Чавушоглудан Ф  - 16  билдирүүсү : бардык деңгээлде келишим түзүлдү» деген кабарында Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглунун : «Ф  - 16 да аскердик сүйлөшүүлөр аяктады. АКШнын Коргоо министрлиги Тышкы иштер министрлигине кабар жиберди. Башкармалык Тышкы иштер министрлиги аркылуу конгресске расмий эмес түрдө кабар берди. Бул жерден нааразычылык билдирилбесе процесс аяктап, расмий билдирүү берилет. Бардык деңгээлдеги жетекчилик менен келишимдер түзүлдү», - дегенин билдирген.

«Стар» гезити «Туркович : Түркия болбостон эмне болору чоң бир суроо белгиси» деп жазып, Босния  -  Герцеговинанын министрлер кеңешинин орун басары Бисера Турковичтин жасаган билдирүүсүндө Түркиянын аймагында абдан маанилүү роль ойногондугун баса белгилеп : «Түркия болбостон Батыш Балкандар тынчтык ичинде жашай алмак эмес. Түркия болбостон эмне болору чоң бир суроо белгиси, анткени күчтүү»,- дегенин белгилеген.

«Сабах» гезити «Түркиянын темир куполу Грециянын күн тартибинде» деген маалыматында грек басма сөзүндө Түркиянын темир куполу долбоору күн тартибинен орун алгандыгын жазган. Абадан коргоо системасынын Түркиянын «Ахиллес тарамышы» экендигин айткан бир грек жазуучу : «Эрдогандын бир күнү күтүүсүз келишибиз мүмкүн  деген сөздөрү жөн айтылган жок, кааласа бир сааттын ичинде  Грецияга келет»,- деди.

«Хабер түрк» гезити «Түрк соода деңиз флоту дүйнөдө 14 - орунга көтөрүлдү» деп билдирип, Транспорт жана инфраструктура министри Адил Караисмаилоглунун түрк желектүү деңиз соода флотунун өткөн жылы 2021 - жылга салыштырмалуу бир тепкичке жогорулаганын жана дүйнөдө 14 - орунга чыкканын айтканын белгилеген.

«Хүррийет» гезити «Анталья туризмде 2023 -  жылга ылдам кирди» деп баяндап, Антальяга 2023 -  жылдын биринчи 15 күнүндө 118 миң 762 туристтин келгендигин, шаарда эң көп орус туристтер болгон болсо, израилдик туристтердин санында да өсүү болгондугу байкалгандыгын маалымдаган.

 

 



Тектеш кабарлар