Түрк басма сөзү 11.01.2023

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

1930847
Түрк басма сөзү 11.01.2023

«Йенишафак» гезити «Чавушоглу: Согуштун сүйлөшүү үстөлүндө бүтөөрүнө ишенебиз» аттуу кабарында тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглунун Орусия менен Украинанын ортосунда уланып жаткан согушка токтолуп: «Согуштун сүйлөшүү үстөлүндө бүтөөрүнө ишенебиз»,-дегенин жазган.

«Сабах» гезити «Акардан Сирия билдирүүсү» аттуу маалыматында улуттук коргоо министри Хулуси Акардын, Түркия менен Сириянын ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн 11 жылдан кийин эки өлкөнүн ортосундагы карым-катнаштар жана аймактын тынчтыгы үчүн жакшы ниет менен башталганын белгилеп: «Бул бир процесс. Биздин үмүтүбүз өз ара сүйлөшүүлөр менен өнүгөт жана аймактын тынчтыгына, туруктуулугуна салым кошот»,-деп айтканын билдирген.

«Стар» гезити «Нидерландиялык изилдөөчүнүн Батышка реакциясы: Түркия тынчсыздануусу көздөрүн сокур кылды» аттуу кабарында Батыш өлкөлөрүнүн ПКК/ЙПГ террордук уюмуна байланыштуу Түркиянын эскертүүлөрүнө кулак салбаганын сындаган нидерландиялык изилдөөчү Рена Нетжес: «Түркияга болгон жаман ойлорунан улам террордук уюм ЙПГ/ПККнын караңгы тарабын көрбөй жатышат»,-дегенин жазган.

«Хүррийет» гезити «Германиянын басма сөзүнөн Түркия талдоосу... Кытайдан улуттук учакка мактоо» аттуу маалыматында дүйнөнүн бир топ өлкөсүнө экспорттолгон түрк өндүрүшүнөн чыккан куралдардын немис басма сөзүнүн күн тартибинде орун алганын билдирген. «Die Welt» гезити Түркиянын күчтөнгөн коргоо өнөр жайы тууралуу көңүлдү бурган талдоосун жарыялады. Кытайдын алдыңкы гезиттеринин бири болгон People's Daily болсо Түркиянын тездик менен өнүгүп жаткан аба күчтөрүнө баа берип, «Түркиянын улуттук учагы окшоштуранын бир топ жогору» деп сереп салды.

«Ватан» гезити «Түрк ишкерлери Вегаста» аттуу кабарында дүйнөнүн эң ири керектөөчү электроника жарманкеси CES 2023тө түрк ишканаларынын инновациялык продукциялары таанытылганын баяндаган. АКШнын Лас Вегас шаарында өткөн жарманке түрк ишкерлеринин күчүнө күбө болду.



Тектеш кабарлар