Түрк басма сөзү 26.09.2022

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

1884243
Түрк басма сөзү 26.09.2022

«Йени шафак» гезити «Эрдоган: Көптөгөн лидерлер азыр пайыздык чендерди төмөндөтүүнүн пайдасы жөнүндө айтып жатышат» аттуу кабарында президент Режеп Таййип Эрдогандын Стамбулдагы сөз сүйлөөсүндө: «Түркиянын экономика моделинин максаты өлкөбүздү инвестиция, жумуш менен камсыз кылуу жана күндөлүк баланстын профицити аркылуу өстүрүү. Өлкөбүз ишке ашырып жаткан экономикалык моделди эң ​​катуу сындагандар биз тарапка өтүштү. Азыр көптөгөн жетекчилер пайыздык чендерди төмөндөтүүнүн пайдасы тууралуу айтып жатышат»,- дегенин жазган.

«Стар» гезити «Түркияга ыраазычылык билдирди» аттуу маалыматында Түндүк Кипр Түрк Республикасынын (ТКТР) президенти Эрсин Татар, Түндүк Кипр Түрк Республикасынын тарыхый күрөшүндө түрк жетекчилеринин көрсөткөн колдоосуна ыраазычылык билдиргенин жазган.

«Хүррийет» гезити «Грециядан Эгейде чоң провокация» аттуу кабарында Грециянын эл аралык мыйзамдарды тоготпой Эгейдеги Аскердик статусу жок аралдарга брондолгон унааларын жөнөткөн учурлардын аныкталганын жазган. Түрк куралдуу күчтөрүнө таандык учкучсуз учуучу аппараттар ​​Афинанын Лесбоско 23, Самоско 18 унааны жөнөткөнүн аныктады.

«Сабах» гезити: «Улуттук электр поезд жолго чыгууда» аттуу маалыматында транспорт жана инфраструктура министри Адил Караисмаилоглу жүргүнчү ташуунун быйыл улуттук электр поезди менен башталарын билдиргенин жазган. Поезддин аймактык линияларда иштей ала турганын айткан Караисмаилоглу: «Учурда саатына 160 километр болгон ылдамдыкты 225 километрге көтөрүүнү максат кылуудабыз»,-деди.

«Хабер түрк» гезити «Түркиянын туризм бейиштерине болгон кызыгуу аэропорттун жүргүнчүлөрүнүн санына чагылды» аттуу кабарында Түркиянын туризм бейиши болгон жерлерине кызыгуунун аэропорттун жүргүнчүлөрүнүн санына да чагылганын, үстүбүздөгү жылдын 8 айлык мезгилинде Стамбул аэропорту болжол менен 41 миллион, Анталья аэропорту 21 миллион, Измир Аднан Мендерес аэропорту 6,5 миллион жана Мугла Даламан аэропорту 3 миллион жүргүнчүнү тейлегенин билдирген.



Тектеш кабарлар