Түрк басма сөзү 23.09.2022

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

1883671
Түрк басма сөзү 23.09.2022

«Сабах» гезити «Эрдагандан маанилүү билдирүүлөр» аттуу маалыматында президент Режеп Таййип Эрдогандын АКШ сапарынын акыркы күнүндө Нью-Йорктогу Түркевиде журналисттердин суроолоруна жооп бергенин жазган. Эрдоган Бириккен Улуттар Уюмунун Түркия айткан чекитке келе баштаганын белгиледи. Орусия-Украина согушунун бүтүшү үчүн ар кимдин жоопкерчиликти алышы керектигин айткан Эрдоган, Путиндин өзөктүк согуш белгиси үчүн көбүрөөк чыгымга учуратуу түшүнүгүнөн баш тартуу керектигин айтты.

«Хүриййет» гезити «Нью-Йорк Таймс президент Эрдогандын дипломатиядагы ийгилигин мактады» деген кабарында Америкада чыгуучу New York Times (NYT) гезити президент Режеп Таййип Эрдогандын Орусия-Украина кризисиндеги ролун жогору баалаганын белгилеген. Эрдогандын согуш бою Орусиянын президенти Владимир Путин менен жакын мамилесин сактап, согуштун глобалдык кесепеттерин жумшартууга аракет кылганы баса белгиленди.

«Йени Шафак» гезити «БУУдан Түркияга «согуш туткундарын алмашуу» үчүн ыраазычылык» аттуу кабарында Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысы Антониу Гутерриш Орусия менен Украинанын ортосундагы 200дөн ашуун аскер туткунунун алмашуусунда Түркиянын ролу үчүн ыраазычылык билдиргенин маалымдаган.

«Стар» гезити «Түркия менен улуттук согуштук учактар боюнча​​ өнөктөштүк: сыймыктанабыз» деген кабарында улуттук согуштук учактар ​​үчүн Түркия-Роллс Ройс өнөктөштүгү тууралуу кеп салган Англиянын тышкы иштер министри Жеймс Клеверли: «Түркия НАТО өлкөсү, Роллс Ройс британ фирмасы жана биз муну менен сыймыктанабыз. Мен дүйнө жүзү боюнча биздин досторубуздун бул улуу компаниялар менен иштешкенине кубанычтамын»,- деп айтканын баяндаган.

«Ватан» гезити «Керектөөчүлөрдүн ишеним индекси 72,4 болду» деген кабарында Түркия Статистика мекемеси (TUIK) жана Түркия Республикасынын Борбордук банкы (TCMB) менен биргеликте жүргүзүлгөн керектөө тенденциясы изилдөөсүнүн жыйынтыктарынан эсептелген сезондук жактан тазаланган керектөөчү ишеним индекси сентябрь айында өткөн айга салыштырмалуу 0,3 пайызга өскөнүн, август айында 72,2 болгон индекс сентябрда 72,4 болгонун маалымдаган.

 

 



Тектеш кабарлар