Түрк басма сөзү 10.03.2022

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

1792980
Түрк басма сөзү 10.03.2022

«Хабер түрк» гезити «Түркия-Израиль карым-катнаштарында тарыхый мүмкүнчүлүк» аттуу маалыматында президент Режеп Таййип Эрдогандын Израилдин президенти Ицхак Герцог менен бирге өткөргөн маалымат жыйынында «Бул жолугушуу эки тараптуу карым-катнаштар үчүн бурулуш учур» деген сөздү айтканын баяндаган. Аймактагы окуялардын энергетика коопсуздугунун маанисин ачыкка чыгарганын белгилеген Эрдоган: «Бул энергетика тармагындагы кызматташтыкты кайра баштоо үчүн бир мүмкүнчүлүк»,-деди.

«Йени шафак» гезити «Эрдоган: Месжид-ул Аксанын диний статусуна маани бергенибизди баса белгиледик» аттуу маалыматында президент Эрдогандын Израилдин президенти Герцог менен жолугушуусунда Түркиянын Палестинага карата сезимталдыкты баса белгилегендерин айтканын маалымдаган. Эрдоган:«Биз аймактагы чыңалууну басаңдатууга жана эки мамлекеттүү чечим көз карашына маани бергенибизди билдирдик. Акса Мечитинин диний өзгөчөлүгүнө жана ыйыктыгына маани бергенибизди баса белгиледик»,-деди.

«Хүррийет» гезити «Эрдоган Ляйен менен сүйлөштү» деген кабарында президент Эрдогандын Европа Биримдиги (ЕБ) комиссиясынын төрайымы Урсула фон дер Ляйен менен телефон аркылуу сүйлөшкөнүн маалымдаган. Телефондогу сүйлөшүүдө Орусиянын Украинага кол салуусу жана Түркия-Европа Биримдиги карым-катнаштары талкууланды.

«Стар» гезити «Нигериядан Түркияга мунай жана жаратылыш газ сунушу» деген кабарында Нигериянын мунай ресурстары боюнча мамлекеттик министри Тимипр Сильва Түркияны өлкөсүнүн кургактагы ири мунай жана жаратылыш газ активдерине инвестиция салууга чакырганын маалымдаган. Министр Сильва Нигериянын көмүр суутек секторунун дагы көп түрк инвестициясына ачык экенин айтты.

«Сабах» гезити «Орусия-Украина согушунан улам экономикалык чаралар көрүлдү» деген макаласында Президенттик комплексте чогулган Экономика координациялык кеңеши Орусия жана Украина согушунун экономикага тийгизген таасирин азайтуу үчүн көрүлө турган чараларды баалаганы орун алды. Ушуга ылайык, энергиянын баасын жогорулатууга каршы улуттук кадамдар менен ресурстарды жана рынокту диверсификациялоо улантылат. Азык-түлүк жана чийки зат менен камсыздоонун туруктуулугу үчүн, өзгөчө дан жана май өсүмдүктөрү үчүн өндүрүштөн тарта ички сатууга жана тышкы соодага чейинки бардык коммерциялык этаптарда жарандардын пайдасына зарыл чаралар көрүлөт.



Тектеш кабарлар