Түрк басма сөзү 9.03.2022

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

1792269
Түрк басма сөзү 9.03.2022

«Хабер түрк» гезити: «Акар орус кесиптеши менен сүйлөштү» аттуу кабарында улуттук коргоо министри Хулуси Акардын Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу менен кечээ телефон аркылуу сүйлөшкөнүн жазган. Министр Акар учурдагы кырдаалдан улам орус портторунда күткөн коммерциялык кемелердин Түркияга коопсуз келүүсү үчүн колдоо күтүүсүн билдирди.

«Сабах» гезити: «Чавушоглу: Эвакуацияланган түрк жарандарынын саны 13 миң 120га жетти» атуу маалыматында тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглунун Украинадан кечээ жолго чыккан 699 киши менен бирге эвакуацияланган түрк жарандарынын санынын 13 миң 120га жеткенин айтканын кабарлаган.

«Хүррийет» гезити: «Учкучсуз согуштук учактарга байланыштуу маанилүү өнүгүү» аттуу кабарында «Байкар» технология лидери (CTO) Селчук Байрактардын, ​​учкучсуз согуштук учактын биринчи прототибинин келерки жылы алгачкы учуусун максат кылгандарын айтканын билдирген.

«Ватан» гезити: «Министр Варанк: Түркияны өндүрүп өстүрөбүз» аттуу маалыматында өнөр жай жана технология министри Мустафа Варанктын кечээки билдирүүсүндө: «Түркияны өндүрүш менен өстүрөбүз жана буюрса алдыбыздагы мезгилде дүйнөнүн эң алдыңкы 10 экономикасынын катарына киргизебиз»,-дегенин жазган.

«Йени шафак» гезити: «Эки айда 18 миллион адам аба жолун пайдаланды» аттуу кабарында Мамлекеттик аэропорттор башкармалыгынын (DHMI ) башкы директорлугу февраль жана январь-февраль айлары үчүн учак, жүргүнчү жана жүк статистикасын жарыялаганын билдирген. Январь-февраль айларында Түркиядагы аэропорттордо аба жолун тандаган жүргүнчүлөрдүн саны 18 миллиондон ашты.



Тектеш кабарлар