Түрк басма сөзү 17.02.2022

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

1780225
Түрк басма сөзү 17.02.2022

«Хабер түрк» гезити «Эрдоган, эң мыкты 10 экономикага киребиз» аттуу маалыматында президент Режеп Таййип Эрдогандын дүйнө паника менен жабылган жаңы типтеги коронавирус (Ковид-19) мезгилинде Түркиянын башкача саясат жүргүзүп өндүрүштү жана жеке адамдарды колдогонун айтканын баяндаган. Эрдоган: «Бул процессте инвестиция, иш менен камсыз кылуу, өндүрүш, экспорт жана учурдагы профицитке багытталган экономикалык программабызды чечкиндүү ишке ашыруу менен биз эпидемиянын биринчи айындагы жоготуулардын ордун толтуруп гана чектелбестен, андан да ашып кеттик.  Иш менен камсыз кылуу жана экспорт боюнча рекорддорду жаңырткан мезгилди артка калтырдык»,-деди.

«Хүррийет» гезити «Чавушоглу, Орусия жана Украинанын ортосундагы жолугушууларды өткөрүүгө даярбыз» аттуу маалыматында тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Орусия жана Украинанын тышкы иштер министрлери менен өз-өзүнчө телефон аркылуу сүйлөшүү өткөргөнүн маалымдаган. Сүйлөшүүдө Орусия менен Украинанын ортосундагы чыңалуу каралып, министр Чавушоглу Түркиянын Орусия менен Украинанын ортосундагы жолугушууларды өткөрүүгө даяр экенин дагы бир жолу баса белгиледи.

«Сабах» гезити «Бириккен Араб Эмирликтеринин (БАЭ) Түркиядагы инвестициялык планы» деген кабарында Бириккен Араб Эмирликтеринин Түркияга жасай турган 10 миллиард долларлык инвестициянын багыты аныкталганын маалымдаган. Перс булуңунан биринчи инвестиция коргонуу өнөр жайына болот. БАЭ Түркияда айыл чарба, энергетика, азык-түлүк жана информатика секторлоруна да инвестиция салууну пландоодо.

«Йени шафак» гезити «Кара деңиз газы 2023-жылдын биринчи чейрегинде ишке киргизилет» деген макаласында Түркия Кара деңизден ушул убакка чейин эки башка бургулоодо жалпысынан 540 миллиард куб метр газ тапканын белгилеген. Бул көрсөткүч Түркия боюнча үй чарбаларынын 25 жылдык жаратылыш газ муктаждыгын камсыз кылууну билдирет. Газдын агымы үчүн 2023-жылдын ортосу мурда болжолдонгон. Бирок, изилдөөлөр кайра каралып, календар алдыга жылдырылды. 2023-жылдын биринчи чейрегинде Кара деңиз газы үйлөрдү жылыта баштайт.

«Стар» гезити «Санжар: Түркияда мага көрсөтүлгөн урматтоо 10 Нобелден да маанилүү» деген кабарында Нобель сыйлыгынын лауреаты түрк окумуштуусу Проф. Д-р. Азиз Санжардын Түркия көрсөткөн урматоо менен сыйлаганын жана бул урматоонун 10 Нобель сыйлыгынан да маанилүү экенин белгилегенин жана «Анткени 85 миллион киши Түркияны сүйгөнүмдү, Түркияга кызмат кылганымды, Түркияны баалаганымды, бул жасагандарымды Түркиянын ийгилиги катары кабыл алганымды билет»-деп айтканын баяндаган.



Тектеш кабарлар