Түрк басма сөзү 16.02.2022

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

1779430
Түрк басма сөзү 16.02.2022

«Стар» гезити: «Дубайда түрк улуттук күнү» аттуу кабарында президент Режеп Таййип Эрдогандын Бириккен Араб Эмирликтеринде (БАЭ) Дубай EXPO-2020дагы Түркия Улуттук күнү программасында сүйлөгөн сөзүндө: «Биздин алдыңкы максатыбыз айыл чарбадан экономикага чейин ар бир тармакта туруктуулукту камсыз кылуу. Түркиянын ЭКСПОго туруктуулук темасынын алкагында катышуусу бул тармактагы күчтүү позициябыздын бир көрүнүшү»,-дегенин жазган.

«Ватан» гезити: «Президент Эрдоган: Биз ар кандай колдоого даярбыз» аттуу маалыматында президент Эрдогандын БАЭде ишкерлер жана инвесторлор менен жолугушуп, «Лидерлердин милдети соодадан коргонууга, туризмден транспортко чейинки пайдубалды түзүү. Соода министрлигибиз, өнөр жай жана технология министрлигибиз жана берки мекемелерибиз, сиздерге инвестициялык долбоорлордо ар кандай колдоо көрсөтүүгө даяр»,-дегенин билдирген.

«Хүррийет» гезити: «Израилдин президенти Герцог Түркияга келет» аттуу кабарында Түркия-Израиль карым-катнаштарында жаңы мезгил башталып жатканын билдирген. Израилдин президенти Ицхак Герцог 9-10-март күндөрү Түркияга келет.

«Хабер түрк» гезити «АКШнын Анкарадагы элчиси Флейк биринчи жолу сөз сүйлөдү» аттуу маалыматында АКШнын Анкарадагы элчиси Жеффри Флейк кызматка киришкенден бери биринчи жолу Түркия-АКШ карым-катнаштарына байланыштуу билдирүү жасаганын жазган. 70 жылдан бери НАТОнун маанилүү мүчөсү болгон Түркиянын экинчи чоң F-16 флотуна ээ экенин белгилеген Флейк : «F-16ларга байланыштуу сүйлөшүүлөр жакшы жүрүп жатат. Жакында АКШдан жогорку деңгээлдеги сапарлар болот деп ойлойм»,-деди.

«Йени Шафак» гезити: «Fly Dubai март айында Сабиха Гөкчен аэропортуна каттамдарын баштайт» аттуу кабарында Бириккен Араб Эмирликтеринин (БАЭ) авиакомпаниясы Fly Dubai 2-марттан тарта Стамбулдагы Сабиха Гөкчен аэропортуна каттамдарын баштаарын жарыялаганын билдирген. Ушундайча Fly Dubai БАЭ менен Стамбулдун ортосундагы апталык каттамдардын санын 12ге жеткирет.



Тектеш кабарлар