Түрк басма сөзү 15.2.2022

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

1778751
Түрк басма сөзү 15.2.2022

«Сабах» гезити «Түркия менен БАЭнин ортосунда 13 келишимге кол коюлду» деген кабарында президент Режеп  Таййип  Эрдогандын БАЭ сапарынын алкагында Түркия менен БАЭнин ортосунда коргонуу өнөр жайы, саламаттыкты сактоо, климаттык алмашуу, өнөр жай, технология, маданият, айыл чарба, соода, экономика,  деңиз транспорту, жаштар, кырсыктарды жоюу, метеорология, коммуникация жана архив тармагында 13 келишимге кол коюлгандыгын кабарлаган.

«Стар» гезити «Бул кризисти бир гана Түркиянын ортомчулугу менен чече алабыз» деген макаласында Украинанын Анкарадагы элчиси Василий Боднардын Россия менен Украинанын ортосундагы чыңалууга байланыштуу абалдын Түркиянын ортомчулугу менен чечиле аларын айткандыгын маалымдаган.

«Ватан» гезити «Түрк аба жолдорунан Украина каттамдары тууралуу түшүндүрмө» деп жазып, түрк аба жолдорунун Украинадагы абалдардан улам бул өлкөгө билет алган жүргүнчүлөргө билеттерин кайра тапшыруу жана алмаштыруу тууралуу  мүмкүнчүлүгүнүн берилгендигин билдирди. Жетекчилер каттамдардын  улантылып жаткандыгын да маалымдашты.

«Йени Шафак» гезити : «Түркиянын токойлору кеңейип баратат» деген маалыматында Токой инженерлери палатасынын төрагасы Хасан Түркйылмаз Түркиянын эң көп токой өстүргөн өлкөлөрдүн рейтингинде Европада биринчи, дүйнөдө төртүнчү экенин айтканын кабарлаган. Түркйылмаз : «30 жыл мурда Түркиянын 19 миллион 780 миң гектар жери токой болгон болсо,  бүгүнкү күндө токой 22,9 миллион гектардык жерди ээлейт»,-  деди.

«Хабер түрк» : «Анчоус экспортунан 5 миллион 676 миң 301 доллар киреше келди» деген кабарында Түркиядан 5 айлык мөөнөттө 26 өлкөгө 1247 тонна анчоус экспорттолгондугун белгилеген. 2021 - жылдын 1 - сентябрынан 2022 - жылдын 31 - январына чейин жүргүзүлгөн анчоус экспортунан 5 миллион 676 миң 301 доллар киреше алынды.



Тектеш кабарлар