Түрк басма сөзү 3.01.2022

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

1755952
Түрк басма сөзү 3.01.2022

«Хабер түрк» гезити : «Президент Эрдоган Орусиянын лидери Путин менен сүйлөштү» аттуу кабарында президент Режеп Таййип Эрдогандын кечээ Орусиянын президенти Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөшкөнүн билдирген.  Президенттиктин Коммуникация башкармалыгынын маалыматына караганда сүйлөшүүдө Түркия-Орусия карым – катнаштарын өнүктүрө турган кадамдар каралып, Кавказ, Сирия жана Ливия баш болгон аймактык маселелер талкууланды.

«Хүррийет» гезити: «9 миллион турист Антальяны тандады» аттуу маалыматында дүйнөнүн эң маанилүү туризм багыттарынын бири болгон Антальяга келген туристтердин саны 2021-жылы 9 миллион 81 миң 502 кишиге жеткенин жазган. Январь-ноябрь айларын камтыган 11 айлык мезгилде Антальяга эң көп турист 3 миллион 543 миң 314 менен Орусиядан келди.

«Ватан» гезити: «Бургулоочу кеме «Явуз» Кара деңизде алгачкы сапарына даярданууда» аттуу кабарында Кара деңизде жүргүзүлгөн геологиялык чалгындоо иштерине катышуу үчүн жолго чыккан жана өткөн жылдын 7-октябрында Зонгулдак Филёс портуна токтогон «Явуз» бургулоо кемеси Кара деңиздеги алгачкы сапары үчүн күн санап жатканын билдирген. Мунарасы кураштырылган «Явуз» бургулоо кемесинин февралдын экинчи жарымында Кара деңизге чыгышы күтүлүүдө.

«Сабах» гезити «АКШда колго түшүрүлгөн Түркияга таандык тарыхый экспонаттар жакында мекенине кайтып келет» аттуу маалыматында АКШда табылган Түркияга таандык тарыхый экспонаттардын ушул айда Түркияга кайтарыла турганын жазган. Маданий мурастар жана музейлер башкы директорлугунун аткезчиликке каршы күрөшүү бөлүмүнүн Манхэттен прокуратурасы менен биргелешип жүргүзгөн иштеринин натыйжасында өткөн айда байыркы искусство коллекционери Майкл Штайнхардттын үйүндө колго түшүрүлгөн Анадолу тектүү маданий экспонаттар ушул айда Нью-Йорктогу Түркиянын башкы консулдугуна, андан соң Түркияга жеткирилет.

«Стар» гезити: «Улуттук мушкер Али Эрен Демирезен америкалык Вашингтонду жеңди» аттуу кабарында улуттук мушкер Али Эрен Демирезен АКШнын Флорида штатында өткөн оор салмакта бокс боюнча беттеште америкалык Жералд Вашингтонду техникалык нокаут менен жеңип, карьерасындагы 15-жеңишине жетишкенин билдирген.



Тектеш кабарлар