Түрк басма сөзү  31.12.2021

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

1755089
Түрк басма сөзү  31.12.2021

«Сабах» гезити «Путинден Эрдоганга жаңы жылдык куттуктоо» деген кабарында Россиянын президенти В. Путиндин президент Р. Т. Эрдоганга телефон чалып куттуктагандыгын жазган. Кремлден берилген маалыматка караганда Путиндин Эрдоганга жиберген куттуктоосунда Ковид  - 19 эпидемиясы процессиндеги кыйынчылыктарга карабастан башта экономикалык кызматташуу менен бирге энергетика жана аскердик  -  техникалык тармактарда Россия  -  Түркия карым  - катнаштарынын өнүктүрүлүшү багытында оң кадамдардын ташталгандыгы билдирилди.

«Йени шафак» гезити «Президенттиктин басма сөз катчысы Калын: Анкара Вашингтонго кат жөнөттү» деп жазып, президенттиктин катчысы Ибрахим Калындын эки өлкөнүн карым  - катнаштарын кызыктырган жана президент Р. Т. Эрдоган менен АКШнын президенти Жо Байден макулдашкан темалар тууралуу бир механизмдин  түзүлүшү жана иштешине байланыштуу Анкаранын Вашингтонго кат жебергендигин билдирген.

«Стар» гезити «Бахтари : Түркиянын тажрыйбасына муктаждыгыбыз бар» деген макаласында Оман менен Түркиянын ортосундагы экономикалык жана соода карым  - катнаштары акыркы мезгилде ылдамдагандыгын билдирген.  Зуфар  Соода жана өнөр жай палатасынын төрагасы Хүсейин аль-Батхари: «Омандын өнөр жайы Түркиянын тажрыйбасына муктаж»,-деди.

«Хүррийет» гезити «Түрк аба жолдору 2021 -  жылы 328 жерге учту» деп билдирип, Түрк аба жолдору 2021 - жылы 40,5 миллион жүргүнчүнү тейлеп, учак флотун 373кө жеткиргенин жарыялады. Авиакомпания 128 өлкөдө 328 пунктка учуу менен дүйнөнүн эң көп багыттарына учкан авиакомпания титулун сактап калды.

«Хабер түрк» гезити «11 айда Стамбулга 7 миллион 980 миң 311 чет элдик турист келди» деген маалыматында Стамбулдун жылдын 11 айында 7 миллион 980 миң 311, ноябрь айында 997 миң 620 чет элдик туристти кабыл алгандыгын жазган. Стамбулга келген чет элдиктедин арасында орустар 92 миң 427 турист менен биринчи орунду алды.



Тектеш кабарлар