Түрк басма сөзү 23.08.2021

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

1695650
Түрк басма сөзү 23.08.2021

«Йени шафак» гезити «Президент Эрдогандан Европа лидерлерине «кадам таштагыла» деген чакыруу» деген кабарында президент Р. Т. Эрдогандын европалык лидерлерге афган мыйзамсыз миграциясы кризиске айлана электе кадам таштоого чакыргандыгын кабарлаган. Европа Биримдиги Кеңешинин төрагасы Мишел жана Британиянын премьер- министри Жонсон менен телефон аркылуу сүйлөшкөн Эрдоган Афганистан жана Иранда керектүү чаралар көрүлбөсө жаңы миграция толкуну чыгарын айтты. Эрдоган маселе кризиске айланбастан Европа өлкөлөрү жана башка баарынын аракетке өтүшү керектигин баса белгиледи.

«Хүррийет» гезити «Түркия «Баш паанек борборлору» тууралуу кабарларын четке какты» деген макаласында тышкы иштер министрлигинин англис медиасында чыккан «Афган качкындар үчүн Түркияда баш паанек үчүн кайрылуу борборунун түзүлүшү тууралуу план түзүлдү» деген кабарлар тууралуу маалымат бергендигин жазган. Берилген маалыматта бул кабарлардын чындыкты чагылдырбагандыгы маалымдалды.

«Стар» гезити «Байрактар ТБ 2 куралдуу учкучсуз аба аппараты дүйнөнүн эң мыктысы» деген маалыматында учкучсуз аба аппараттарын чыгарган Байкар фирмасынын техникалык директору Селчук Байрактардын Түркиянын учкучсуз аба аппараттарында жол башчы экендигин айтканын жазган. Авиацияда өнүккөн өлкөлөргө куралдуу учкучсуз аба аппараттарын саткандарын баса белгилген Селчук Байрактар : «Байрактар ТБ 2дүйнөнүн эң мыктысы»,- деди.

«Сабах» гезити «Ылдам өсүү рекордго жеткирди» деп жазып, Түркияда жылдын экинчи чейрегинде күтүлгөн рекорддук өсүүнүн балланстарга да чагылгандыгына токтолгон. Биринчи алты айда жүгүртүү биринчи жолу 1 триллион лирадан ашты. Таза киреше 155 пайызга өсүп, 89,5 миллиард лирага жетти. Өсүштүн кыймылдаткычы болгон өнөр жай секторунун кирешеси 5,5 эседен ашык көбөйдү.

«Хабер түрк» гезити «Улуттук аялдар волейбол командасы жеңиш менен чыкты» деген кабарында улуттук аялдар волейбол комансынын Сербия, Румыния, Хорватия жана Болгария биргелеше уюштурган CEV аялдар Европа волейбол чемпиондугунун Б группасындагы үчүнчү оюнунда Швецияны жеңген волейболчулардын чемпиондуктагы 3 -  оюндан да жеңиш менен чыккандыгын маалымдаган.



Тектеш кабарлар