Түрк басма сөзү  20. 08. 2021

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

1694452
Түрк басма сөзү  20. 08. 2021

 

«Хүррийет» гезити «Эрдоган : Жаматтык иш чараларда ПЦР тести милдеттүү» деген кабарында президент Р. Т. Эрдогандын Кабинет жыйынынан кийин берген маалыматында 6 -  сентябрда бетме  - бет билим берүүнүн башталарын белгилеп : «Вакцина ала элек мугалим жана башка кызматкерлердин жума сайын кеминде 2 жолу ПЦР тестин жасатуусун талап кылабыз. Учак жана шаарлар аралык сапар, концерт, кино – театрлар үчүн да ПЦР тести милдеттүү»,- дегенин маалымдаган.

«Хабер түрк» гезити «Афганистанда жаңы башкаруу таанылабы?» деген макаласында тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглунун Талибандын Кабулду колго алуусу менен Афганистанда курула турган  өкмөттүн таанылышына байланыштуу : «Чындыгында кенен камтуучу  өкмөт курулабы же курулбайбы муну көрүшүбүз керек. Эл аралык коомчулук менен бирдикте кыймыл кылабыз»,- дегенин белгилеген.

«Йени шафак» гезити «Чехия Түркияга Афганистан үчүн ыракмат айтты» деп жазып Чех Республикасынын Афганистандагы эвакуация иштери үчүн Түркияга өзүнчө ыракмат айтканына токтолгон. Чехиянын коргоо министринин орун басары Ян Хавранек Түркиянын учактардын учуп  - конуусуна мүмкүнчүлүк түзгөндүгүн айтты.

«Сабах» гезити «Европа Биримдигинен Түркия чечими» деген маалыматында Европа Биримдиги араларында Түркия да болгон 3 өлкөнүн Ковид  - 19  вакцинасы сертификатынын таанылышына чечим чыгаргандыгын кабарлаган. Европа Биримдиги Комиссиясы Түркия, Түндүк Македония жана Украинанын Ковид  - 19га каршы вакцина сертификаттарына "эквиваленттүүлүк" берүү чечими кабыл алынганын жарыялады.

«Стар» гезити «Меркель түрк профессорлорго ыраазычылык билдирди» деген кабарында Германиянын канцлери Ангела Меркелдин Ковид  - 19 вакцинасын чыгарган түрк тектүү илимпоздор, профессор доктор Угур Шахин жана Өзлем Түрежи куруучусу болон BioNtech фирмасынын  вакцина иштеп чыгуу комплексине барганын белгилеген. «Продукцияларды көргөндө,  анча байкалбайт, бирок таасири укмуш»,- деген Меркель, Түрежи менен Шахин жубуна ыраазычылык билдирди.



Тектеш кабарлар