Түрк басма сөзү 18.08.2021

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

1693048
Түрк басма сөзү 18.08.2021

«Сабах» гезити «Эрдогандан 15 - Эл аралык коргонуу өнөр жай жарманкеси İDEF 21дин ачылуу аземинде маанилүү билдирүүлөр» деген кабарында президент Р. Т. Эрдогандын кечээ Стамбулда Эл аралык коргонуу өнөр жайы жарманкесинин ачылуу аземинде сүйлөгөн сөзүндө өлкө чектеринен он миңдеген километр ары жакта террор менен күрөшүү деген аттын астында жаран  - күнөөсүз адам дебестен адамдарга бомба аткандардан болбогондорун жана болбой тургандарын белгилегенин жазган.

«Хүррийет» гезити «Министр Чавушоглунан Афганистан тууралуу билдирүү» деген макаласында тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглунун кечээ берген маалыматында : «Афганистанда ушул кезге чейин Талибандын  берген билдирүүлөрүн оң кабыл алгандыгыбызды айткыбыз келет»,- дегенин билдирген.  Чавушоглу : «Афганистанда бардык тараптар менен диалогубузду улантуудабыз, Талибан менен да»,- деп билдирген.

«Стар» гезити «Түркиядан башка эч бир өлкө үчүн «боордош өлкө» деп айта албайбыз» деген маалыматында кечээ Түркия Улуттук Парламентинин спикери Мустафа Шентоп менен жолугушкан Түштүк Кореянын Улуттук Ассамблеясынын Президенти  Бён Сун Кореянын бүгүнкү өнүгүүсү түрк аскеринин аракеттери менен болгондугун айтып : «Корея эч бир өлкөгө «боордошум» деп айтпайт, бир гана Түркия үчүн «боордош өлкө» деп айтабыз»,- дегенин билдирген.

«Йени шафак» гезити «Польшанын коргоо министри Блащак билдирди : учкучсуз аба аппараттары 2022 – жылы армиябызга  тапшырылат» деп жазып, Польшанын коргоо министри  Мариуш Блащактын социалдык тармактан берген билдирүүсүндө BAYKARдын башкы директору Халук Байрактар менен жолугушкандыгын жана Байрактар ТБ2 куралдуу учкучсуз аба аппараттарынын 2022 – жылы  Польшанын куралдуу күчтөрүнө тапшырыларын жарыялагандыгын маалымдаган.

«Хабер түрк» гезити «7 айда 16 250 тонна Кара деңиз лососу экспорттолду» деген кабарында  Түркиядан 2021 -  жылдын 7 айлык мезгилинде 16 250 тонна Кара деңиз лососунун экспорттолуп 90 миллион 316 827 доллар киреше киргендигин кабарлаган.



Тектеш кабарлар