Түрк басма сөзү  17.08.2021

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

1692379
Түрк басма сөзү  17.08.2021

«Сабах» гезити «Эрдоган : Түркия өндүрүш жана экспортто  жогорку лигага чыгууда» деген кабарында президент Р. Т. Эрдогандын кечээ борбор шаар Анкарада сүйлөгөн сөзүндө, Түркиянын өзгөчө өндүрүш жана экспорт боюнча дүйнөдө  жаңы бир лигага жогорулагандыгын айтканын кабарлаган. Эрдоган : «2021- жылдын биринчи чейрегинде 7 пайыздык өсүүгө жетиштик, буюрса экинчи чейректи да олуттуу бир өсүү менен жабабыз»,- деди.

«Хүррийет» гезити «Министр Акардын жетекчилигинде жыйын өттү» деген макаласында улуттук коргоо министри Хулуси Акардын кечээ болгон жана Афганистандагы түрк күч командири да катышкан видеоконференция  жыйынында борбор шаар Кабулдагы кызматкерлердин коопсуздугуна алдыңкылыктын берилгендигин баса белгилеп, бул тууралуу бардык чаралардын көрүлгөндүгүн айтканын маалымдаган.

«Ватан» гезити  «Чавушоглу: Сирия маселесине чечим табууга алдыңкылык беришибиз керек» деп билдирип, тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглунун Иорданиянын «El-Ghad» гезитинде жарыяланган «Тарыхый бурулушта Түркия  -  Иордания карым  - катнаштары» деген темадагы макаласында Сирияда 10 жылдан ашуун убакыттан бери болуп келе жаткан чыр  - чатактар жараткан гуманитардык, саясий, жана экономикалык кыйынчылыкты сезген өлкөлөрдүн Түркия менен Иордания экендигине көңүл буруп : «Качкындардын коопсуз жана ыктыярдуу түрдө кайтууларына шарт түзүү максатында эки коңшу өлкө катары Сирия маселесине чечүүчү жолдун табылышына алдыңкылык беришибиз керек»,- деди.  

«Хабер түрк» гезити «Апрель  -  июнь айларына байланыштуу жумуш күчү статистикалары билдирилди» деген маалыматында Түркия Статистика Мекемеси ТҮИКТин бул жылдын апрель  -  июнь айларындагы жумушчу күчү тууралуу статистикасын жарыялагандыгын белгилеген. Түркияда  жумушсуздук катнашы бул жылдын экинчи чейрегинде алганчкы чейрекке караганда 0,6 баллдык азаюу менен 12, 4 пайыз болду. Бул айларда жумушсуз саны 3 миллион 989 000 кишиге чейин кыскарды.

«Йени шафак» гезити «Антальяга 15 күндө 1 миллион турист келди» деген кабарында Антальяга жылдын башынан 15 -  августка чейин аба жолу аркылуу 4 миллион 351 000 туристтин келгендигин кабарлаган. Акыркы  15 күндө 1 миллион киши шаарга келди.  Шаарга эң көп келген туристтер россиялык туристтер болду. Эки миллонго жакын россиялык турист Антальяны тандады.



Тектеш кабарлар