Түрк басма сөзү  21.05.2021

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

1643070
Түрк басма сөзү  21.05.2021

«Хүррийет» гезити «Мевлүт Чавушоглу БУУда сөз сүйлөдү» деген кабарында тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглунун кечээ БУУнун Башкы Ассамблеясынын Палестина отурумунда Израилдин Палестина жерлериндеги оккупациясын акырына чыгаруу үчүн эл аралык коомчулуктун мобилизацияланышы керек экендигин белгилегенин билдирген. Министр Чавушоглу чечүүчү жолдун жол картасы тууралуу дүйнөгө маалымат берди. Чавушоглу БУУнун Башкы Ассамблеясынын жоопкерчиликтерин орундатпагандыгын да айтып : «Адилетсиздиктин алдында үнсүз болуу, иштелген кылмышка өнөктөш болуу менен бирдей»,- деди.

«Сабах» гезити «Министр Сойлудан билдирүү» деген маалыматында ички иштер министри Сүлейман Сойлунун кечээ берген билдирүүсүндө Түркиянын террор менен күрөшүүдө дүйнөгө сабак бергендигин айтканын маалымдаган. Сойлу : «Бардык террордук уюмдарды жок кыла баштадык. Өзгөчө акыркы учурларда террордук уюмдардын башкаруучуларын ала баштадык. Анткени чамбар барган сайын тарайып баратат»,- деди.

«Хабер түрк» гезити «Министр Кожа жана профессор доктор Шахинден маалыматтар» деген макаласында  саламаттык сактоо министри Фахреттин Кожанын кечээ Илимий Кеңештин жыйынынан кийин берген маалыматында BioNTech вакцинасы үчүн 120 миллион дозалык келишимдин түзүлгөнүн билдиргенин белгилеген. Видеоконференция аркылуу жыйынга катышкан BioNTechтин жогорку мартабалуу башкаруучусу профессор доктор Угур Шахин да : «120 миллион дозага кол койдук. Июнь айынын акырына чейин 30 миллион доза жиберебиз. Июль -  август жана сентябрь айында да 120 миллион дозага толуктайбыз. Буйруса бирдикте ийгиликке жетишебиз»,- деди.

«Йени шафак» гезити «Түркия 519 көгүлтүр байрактуу пляжы менен дүйнөдө үчүнчү орунду алды» деп жазып, экология жана шаар пландоо министри Мурат Курумдун Түркиянын бул жылы 519 көңүлтүр байрактуу пляжы менен дүйнөдө үчүнчү орунду алгандыгын айтканына токтолгон. Курум : « Аткарган иштерибиздин үзүрүн бүгүн дагы бир жолу көрүп отурабыз. 2023 -  жылдагы максатыбыз дүйнөдө биринчиликти алуу»,- деди.

«Стар» гезити «Бурак Йылмаз дагы сыймыктандырды» деген кабарында Франциянын лигасында Лилде ойногон улуттук футболчу Бурак Йылмаз, оюну менен лиганын айдын мыкты оюнчусу болуп тандалганын жазган. Йылмаз декабрь жана апрель айларында да  мыкты оюнчусу болуп тандалган.

 

 



Тектеш кабарлар