Түрк басма сөзү 20.05.2021

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

1642504
Түрк басма сөзү 20.05.2021

«Хүррийет» гезити «Бүткүл Түркия бир добушка айланды!» аттуу маалыматында 19-май Ататүрктү эскерүү, Жаштар жана спорт күнүнө карата, жарандар кечээ саат 19: 19 болгондо терезелерге жана балкондорго барып, Түркиянын Улуттук гимнин кызыгуу менен ырдашканын маалымдаган. Президент Режеп Таййип Эрдоган Чанкая сарайында Улуттук гимнди улуттук спортчулар менен бирге ырдады.

«Хабертүрк» гезити «Президент Эрдогандын АКШга жообу: Эмне кылабыз, кол чабабызбы?» аттуу маалыматында президент Эрдоган АКШнын Мамлекеттик департаментинин Палестинадагы кыргындар жөнүндө билдирүүсүнө жооп берип жатып: «Дүйнө жүзүнө демократия, адам укуктары, мыйзам, акыйкаттык, эркиндик, коопсуздукту үгүттөгөн мекемелер жана мамлекеттер бул куугунтукту унчукпай карап жатышат. Бизге дагы «Эрдоган бул жөнүндө сүйлөбөшү керек» деп жатышат. «Эмне кылуу керек же кол чабабызбы?»,-деп айтканын баяндаган.

«Йени шафак» гезити «Тышкы иштер министрлигинен АКШга каршылык көрсөтүлдү» деген кабарында АКШнын Мамлекеттик департаментинин президент Эрдоганды Израилдин кыргындарына катуу каршылык көрсөткөндүгү үчүн антисемитизм менен айыптоосуна кескин каршылык көрсөткөнүн жазган. Берилген билдирүүдө АКШ негизсиз айыптоолорду тагуунун ордуна Израилди кол салууларын токтотууга чакырсын,  «Биз президентибизге тагылган айыптоолорду толугу менен четке кагабыз»,делди.

«Стар» гезити «Министр Блашакты толкунданткан Түркиянын куралдуу учкучсуз учуучу аппаратынын сүрөтүн бөлүшүүсү» аттуу маалыматында Украинадан кийин Польшанын асманында Түркиянын учкучсуз учуучу аппараттары (УУА) жана куралдуу учкучсуз учуучу аппараттары (КУУА) болооорун жазган. BAYRAKTAR TB2 сүрөтүн социалдык медиа эсебинде бөлүшкөн Польшанын коргоо министри Мариуш Блашак: «Жакында жакшы жаңылыктар күтүлүүдө ... Бизден кабардар болуңуз»,-деди.

«Сабах» гезити «Германиянын басма сөзү «TCG Anadolu» тууралуу жазды: Бул дүйнөдө биринчи болот!» деген маалыматында Түркиянын алгачкы атамекендик жана улуттук учак ташуучу кемеси болгон «TCG Anadolu» бул жолу Германиянын басма сөзүнүн көңүл чордонунда орун алганын маалымдаган. SİHA технологиясы менен учак ташуучу кемесинин кубаттуулугун айкалыштырган дүйнөдөгү биринчи кеме боло турган TCG Anadoluнун техникалык өзгөчөлүктөрүн жазган Германиялык Хейзе, бул технологиянын TCG Анадолунун күчү менен айкалыштырылышын түрк армиясын шексиз күчкө ээ кылаарын баса белгиледи.

 



Тектеш кабарлар