Түрк басма сөзү  21.04.2021

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

1625327
Түрк басма сөзү  21.04.2021

«Сабах» гезити «Швециянын элчиси тышкы иштер министрлигине чакырылды» деген кабарында Швециянын элчиси тышкы иштер министрлигине чакырылып, Швециянын тышкы иштер министри Анн Линде террордук уюмдар менен жолугушкандан кийин  бул жолу коргоо министри  Петер Хультквисттин террордун лидерлери менен  видеоконференция аркылуу сүйлөшүү өткөргөндүгү катуу айыпталганын жазган. Түркиянын ДЕАШ жана ПКК террордук уюмдары менен күрөшүн чечкиндүүлүк менен улантары баса белгиленди.

«Хүррийет» гезити «Миниср Дөнмез : Кара деңиз газы 2023 – жалга жетишет» деген макаласында энергетика жана табигый ресурстар министри Фатих Дөнмездин кечээ берген маалыматында Кара деңизде ачылган жаратылыш газдын биринчи фазасын 2023 – жылга жетиштирүү үчүн иштердин уланталып жатканын айтканын билдирген.

«Хабер түрк «гезити «2020 -  жылдагы балдардын санынын статистикасы билдирилди» деген маалыматында Түркия статистика мекемесинин 2020 -  жылдын акырынан тарта Түркиянын калкынын саны 83  миллион 614 362 болгон болсо анын 22 миллион 750 657си балдар экендигин маалымдаган.

«Стар» гезити «Түрк куралдуу учкучсуз аппараттары өлкөдө куралдардын үнүн бастырды. Ок атышууну токтотууга мажбур болушту» деген кабарында  түрк куралдуу учкучсуз аба аппараттарынын согуштун табиятын өзгөрткөндүгүн айткан Испаниянын «Ел Периодико» гезитинин Россияда жасалган зениттик жана абадан коргоо системалары менен бирге Асад режимине таандык бир топ танкты жардырган түрк куралдуу учкучсуз аба аппараттарынын Сирияда ок атышууларды токтоткондугун жазганын билдирген.  

«Ватан» гезити «Сүлейман Атлы Европа күрөш чемпиондугунда алтын медалды жеңип алды» деп жазып Европа күрөш чемпиондугунда Сүлейман Атлынын орус атаандашы Начын Монгушту жеңип алтын медалды багындыргандыгын белгилеген.



Тектеш кабарлар