Түрк басма сөзү 29.03.2021

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

1610352
Түрк басма сөзү 29.03.2021

«Хүррийет» гезити «Селчук Байрактар : AKINCI PT-3тү жерде дагы көп кармап тура албадык» деген кабарында Байкар техникалык директору Селчук Байрактар соцтармактан AKINCI PT-3түн биринчи учушун ийгиликтүү аткаргандыгын жарыялаганын жазган. Байрактар маалыматында : «AKINCI PT-3тү  жерде дагы көп кармап тура албадык. Бүгүн биринчи учушун ийгиликтүү аткарды»,- деп билдирди.

«Сабах» гезити «Анчоус экспорту 2021 -  жылдын эки айында 1, 8 миллион доллар киреше алып келди» деген макаласында Түркиядан жылдын эки айында 18 өлкөгө 1 миллион 772 458 долларлык анчоус экспорттолгондугун маалымдаган. Бельгия, Франция жана Германия эң көп экспорт жасалган өлкөлөр болду.

«Хабер түрк» гезити «Түрк оюндары дүйнөлүк ортоломодон жогору балл алды» деген маалыматында Google Play тиркеме дүкөнүндөгү түрк басмаканаларынын оюндары оюнчулардан 5 пайыздан  орто эсеп менен 3,94 балл алганын билдирген. Платформада бардык мобилдик оюндардын жалпы орточо упайы 3,76 болду. Ушундайча  жергиликтүү оюндар дүйнөлүк орточо көрсөткүчтөн жогору баага ээ болду.

«Йени шафак» гезити «Түрк хирург атайын чакыруу менен Өзбекстанга барып 11 балага операция жасады» деген кабарында Хитит университетинин медицина факультетинин декан орун басары, профессор доктор Чагатай Эврим Афшарлардын Өзбекстанга чакыруу менен барып 11 балага операция жасагандыгын белгилеген. Афшарлар операция жасап, өзбек дарыгерлер менен өз тажрыйбасын да  бөлүштү.

«Стар» гезити «Түркия – Латвия оюну күйөрмандары менен ойнолот» деген маалыматында 2022 ФИФА дүйнөлүк кубогунун Европа тандоолорунун G группасында 30 -  март күнү Стамбул Ататүрк олимпиада стадионунда ойноло турган Түркия  -  Латвия беттешине 15 пайыздык көлөмдөгү көрүүчүлөрдүн алынарын билдирген.  

 

 

 

 

 



Тектеш кабарлар