Түрк басма сөзү 19.03.2021

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

1604327
Түрк басма сөзү 19.03.2021

«Ватан» гезити «Чанаккале деңиз жеңишинин 106 -жылы белгиленди» деген кабарында Чанаккале жеңишинин 106 – жылы жана 18 -Март шейиттерди эскерүү күнүнөн улам тарыхый Гелиболу жарым аралындагы Шейиттер эстелигинде салтанат өткөрүлгөндүгүн жазган. Салтанатта Чанаккале дастанынын каармандары эскерилди. Президент Р. Т. Эрдоган жиберген билдирүүсүндө : «Тарых жерлерибизди басып алууга аракет кылгандар жеңилүүгө учураган көптөгөн өрнөктүү сабак менен толгон»,- деди.

«Сабах» гезити «Министр Акардан АКШ жана Грецияга билдирүү» деген макаласында Улуттук коргоо министри Хулуси Акардын АКШнын жикчил террордук уюм ПКК/ЙПГ менен эмес Түркия менен кызматташуу түзүшү керектигин, мунун да эң туура болорун белгилегенин билдирген. Грециянын Эгей жана Жер Ортолук деңиздеги кыйратуучу кыймылдарынын эч качан кабыл алынбай тургандыгын белгилеген Акар : «Булар маселенин чечилишине салым кошпойт. Булар менен бир жерге барылбай тургандыгын баары билиши керек»,- деди.

«Стар» гезити "Европа Биримдигинен жакындоо кадамы» деген маалыматында Европа Биримдиги Түркия менен Чыгыш Жер Ортолук деңиздеги чыңалуудан кийин пайда болгон оң атмосфераны улантуу жана маселелердин чечилиши үчүн диалогдун улантылышына мүмкүнчүлүк түзүүнү каалап жаткандыгын белгилеген. Европа Биримдигинин бир жетекчиси Түркиянын Европа Биримдиги үчүн маанисин баса белгилеп : «АКШ менен сүйлөшүүлөрүбүздө Түркия темалардын бирин түзүүдө. Түркия Европа Биримдигине талапкер өлкө, жакын коңшу жана НАТОнун мүчөсү. АКШ менен сүйлөшүп жатып Түркия тууралуу Россия же Кытай тууралуу сүйлөшкөндөй сүйлөшпөйбүз»,- деген көз карашын билдирди.

«Хабер түрк» гезити «Татар : максатыбыз түндүк Кипр Түрк Республикасынын эгемендигин кабыл алдыруу» деген кабарында Түндүк Кипр Түрк Республикасынын Президенти Эрсин Татардын Кипр маселесинин улуттук ошол эле учурда эгемендик маселеси экендигин белгилегендигин маалымдаган.  Бул аракеттердин дүйнөгө Түндүк Кипр Түрк Республикасынын эгемендигин кабыл алдыруу экендигин баса белгилеген Татар түрк аскеринин болсо аралда туруктуу экендигин айтты.

«Хабер түрк» гезити «Casper алгачкы жергиликтүү өндүрүш телефону VIA F20ны сатууга чыгарды» деген маалыматында акылдуу телефон фирмаларынын Түркияда өндүрүү демилгелери улантылып, технология маркасы Casper алгачкы жергиликтүү өндүрүш моделимобилдик телефонун сатууга чыгаргандыгын жазган. Акылдуу мобилдик телефондун өндүрүшү башталгандыгын жарыялган Casperдын алгачкы жергиликтүү  өндүрүш модели VIA F20 болду. Телефон менен бирге планшет жана компьютерлерди да чыгарган Casper жергиликтүү телефон өндүрүү менен акыркы технологияларды түрк колдонуучуларына сунуштоону максат кылгандыгын жарыялады.



Тектеш кабарлар