Түрк басма сөзү  17.03.2021

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

1602828
Түрк басма сөзү  17.03.2021

«Хүррийет» гезити «Эрдоган : Түркия эң ири өндүрүш борбору болот» деген кабарында президент Р. Т. Эрдогандын кечээ Форд Отосандын келечектеги көз караш жыйынында : «Келечектин автомобиль  өнөр жайында  электрдүү жана ага байланыштуу соода унааларынын эң ири өндүрүш борбору Түркия болот»,- дегенин жазган.

«Сабах» гезити «Министр Мевлүт Чавушоглудан Европа Биримдиги тууралуу билдирүү» деген макаласында тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглунун кечээ берген билдирүүсүндө Түркия  -  Европа Биримдиги карым  - катнаштары тууралуу : «Өнүгүү үчүн алдыбызда маанилүү бир мүмкүнчүлүк бар»,- дегенин белгилеген. Чавушоглу : «Биз карым  - катнаштарыбызды дагы да  өнүктүрүүгө даярбыз»,- деди.

«Йени шафак» гезити «Европа Түркияда эс алуу үчүн күн санап жатат» деген маалыматында 2021  туризм сезонунда Европадан Түркияга  карата эрте резервация талабынын өскөндүгүн маалымдаган. Немис туристтердин эрте резервацияларында Түркия алдыга чыгып, Британия базары да ылдамдады.

«Стар» гезити «Байрактар : AKINCI PT-3 биринчи сынагында» деген кабарында Байрактар техникалык директору Селчук Байрактардын улуттук учкучсуз чабуул коючу  аба аппараты AKINCI PT-3түн сынагынын башталгандыгын жарыялаганын белгилеген. Байрактар твиттерден AKINCI PT-3түн  видеосун бөлүшүп : «AKINCI PT-3 биринчи сынагында» деп жазган.

«Хабер түрк» гезити «Наз Айдемир Акйол «Тарыхтагы мыкты 100 оюнчу» тизмесине кирди» деген маалыматында Фенербахче Опет аялдар волейбол командасынын улуттук оюнчусу Наз Айдемир Акыл Эл аралык Волейбол Федерациясы (FIVB) тарабынан "Тарыхтагы 100 мыкты оюнчу" тизмесине киргендигин билдирген.



Тектеш кабарлар