Түрк басма сөзү  16.03.2021

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

1602039
Түрк басма сөзү  16.03.2021

«Хүррийет» гезити «Президент Эрдогандан Байденге чакыруу»  деген кабарында Сирия согушунун 10  жылдыгынан улам кечээ Bloombergге макала жазган президент Р. Т. Эрдоган : «Жо Байден башкаруусу берген убадасында туруп, Сириядагы трагедияны акырына чыгаруу жана демократияны жактоо үчүн биз менен бирдикте иштеши керек»,- дегенин кабарлаган.

«Ватан»  гезити «Катчы Калын : Түркия күрөшүүнү чечкиндүүлүк менен улантат» деген маалыматында президенттиктин катчысы Ибрахим Калындын 15 -  Март эл аралык исламофобия менен күрөшүү күнүнөн улам берген жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө : «Түркия исламофобия, ислам душмандыгы жана мусулмандарга каршы жек көрүү жана бөлүүчүлүктү ар мүмкүнчүлүктө коомдун күн тартибине алып келүүнү жана бардык жек көрүү кылмыштары менен күрөшүүнү чечкиндүүлүк менен улантат»,- деди.

«Сабах» гезити «Түркиянын курал экспорту акыркы 5 жылда 30 пайызга өстү» деген макаласында Стокгольм Эл аралык Тынчтык Келишимдери институтунун 2016 – 2020 -  жылдарга таандык эл аралык курал сатууга байланыштуу берген маалыматына караганда Түркиянын курал экспорту, коргоо өнөр жай тармагында жергиликтүү жана улуттук мүмкүнчүлүктөр менен иштеп чыгарылган системаларынын санынын өсүшү менен 2016 – 2020 -  жылдарды камтыган 5 жылдык мезгилде 2011 – 2015 – жылдарга караганда 30 пайызга өскөнүн билдирген.

«Хабер түрк» гезити «Түрк чайынын экспорту 2021 -  жылдын эки айында 3, 1 миллион доллар киреше киргизди» деген кабарында Түркиядан жылдын биринчи эки айында чай экспорту 3 миллион 133 816 доллар киреше алып келгендигин маалымдаган. Январь  жана февраль айларында 72 өлкөгө 785 тонна чай экспорттолду. Бельгия, Германия жана АКШ эң көп чай экспорттолгон өлкөлөр болду.

«Йени шафак» гезити «Түркия 1340 каттам менен Европадагы лидердигин улантууда» деген маалыматында Түркиянын кечээки күнүмдүк каттам саны менен Европадагы биринчилик орундугун сактаганын жазган. Европа аэроновигация коопсуздук уюмунун кечээки каттамдар боюнча отчетуна караганда  орточо 1340 каттам менен тизменин башында Түркия орун алды.



Тектеш кабарлар