Түрк басма сөзү  15.03. 2021

Бүгүн басылып чыкан гезиттерден кыскача маалыматтар.

1601218
Түрк басма сөзү  15.03. 2021

«Стар» гезити  «Эрдоган : дүйнөнүн эң алдыңкы өлкөлөрүнүн арасындабыз» деген макаласында президент Р. Т. Эрдогандын 14 -  март медицина кызматкерлеринин майрамына карата өткөрүлгөн  аземге жиберген видео билдирүүсүндө адамзаттын кылымдын абдан олутуу апааттарынын бирин жашагандыгын белгилеп : «Ковид  - 19 боюнча эң кооптуу топтордон баштаган эмдөө  иштеринде дүйнөнүн эң алдыңкы өлкөлөрүнүн арасындабыз. Бул ийгилигибизде эң чоң үлүш күнү – түнү дебестен иштеген медициналык кызматкерлерибизге таандык»,- деди.

«Йени шафак» гезити «Түркия Косованын Кудста элчилик ачышын айыптады» деген кабарында тышкы иштер министрлигинин Косованын Кудста элчилик ачышынан терең тынчсыздангандыгын жана катуу түрдө айыптагандыгын билдирди.

«Хүррийет» гезити «Түрк аба жолдорунан жүргүнчүлөргө форум эскертүүсү» деген макаласында түрк аба жолдорунун Түркияга келе турган жүргүнчүлөрдүн бүгүндөн тарта учкандан мурда  акыркы 72 сааттын ичинде http://register.health.gov.tr адресиндеги Түркияга кирүү форумун толтуруулары керектигин белгилеген.

«Ватан» гезити «AKINCI TİHAдан абдан чоң ийгилик» деген кабарында Түркиянын абадагы жаңы күчү AKINCI TİHAнын бир сынактан дагы ийгиликтүү өткөндүгүн маалымдаган. Байрактардан берилген маалыматка караганда AKINCI PT-2нин «AKINCI Прототип – 2  учкучсуз аба аппараты) сынактан ийгиликтүү өткөндүгүн белгилеп : «Ийгиликтүү өткөн ар бир сынак AKINCIны  милдетин аткарууга дагы бир кадам жакындатууда. Асманыбызда эркин учат»,- деп билдирилди.

«Сабах» гезити болсо «Ван көлү НАСАнын фавориттеринин арасында» деп билдирген макаласында АКШнын авиация жана космостук агенттиги НАСАнын 20 жылдан ашуун убакыттан бери Эл аралык Космостук Станциясында кызмат кылган космонавттар тарткан 20 жер  фотографияларынан турган онлайн жарышта Ван көлүнүн космостон тартылган фотографиясынын да орун алышы Ван жана Битлисте кубаныч жараткандыгын жазган. Ван көлүнүн дүйнөнүн эң көлөмдүү сода көлү экендиги тууралуу маалымат да берилген фотография кыска убакытта миңдеген киши тарабынан жактырылды.



Тектеш кабарлар