Түрк басма сөзү  12.03.2021

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

1599912
Түрк басма сөзү  12.03.2021

«Ватан» гезити «Эрдоган : Мамлекеттик гимнибиз бардык эзилген элдерге дем  болду» деген кабарында президент Р. Т. Эрдогандын  улуттук акын Мехмет Акиф Эрсой жазган гимндин бардык эзилген элдердин эркиндик күрөшүнө дем бергенин айтканын жазган. Гимндин дүйнөнүн бир топ өлкөсүндөгү эксплуатациялык тартипти жок кылууда маанилүү үлүшүнүн бар экендигин белгилеген Эрдоган : «Мехмет Акиф сыяктуу бир акынга,  мамлекеттик гимн сыяктуу бир көз карандысыздыктын баянына ээ болгонубуз үчүн канчалык шүгүркчүлүк кылсак да аздык кылат»,- деди.

«Йени шафак» гезити «Эрдоган : эпидемия мезгилинде  саламаттык сактоо тармагында бир дастан жаздык» деген маалыматында президент Эрдогандын соцтармактан берген кабарында Ковид  - 19дун Түркияда да чыгышы менен өткөн бир жылда саламаттык сактоо тармагында  аткарылган иштер тууралуу маалымат бергенин белгилеген. Эрдоган : «Саламаттык сактоо  кызматкерлерибиз менен жаңыларын кызматка алган, көлөмүн чоңойткон ооруканаларыбыз менен жана күчтүү инфраструктурабыз менен саламаттык сактоо тармагында дастан жаздык»,- деп билдирди.

«Сабах» гезити «Саламаттык сактоо министри Фахреттин Кожа : Ковид  - 19  2021 -  жылы болбойт» деген макаласында саламаттык сактоо министри Фахреттин Кожанын Түркиянын калкынын 50 миллиондук бөлүгүнүн жазга чейин эмделиши менен эпидемиянын азаярын, вирустун жайылуу ылдамдыгынын төмөндөй тургандыгын айтканын маалымдаган. Ковид   - 19  менен күрөшүүдө ийгиликтүү болгон өлкөлөрдүн бири Түркиянын болорун баса белгилеген Кожа : «Вакцина программасы мыкты жүргүзүлүүдө. Ковид  - 19  2021 -  жылы болбойт»,- деди.

«Хүррийет» гезити «Түркиянын Ковид  - 19  тажрыйбасы дүйнөдө сөз болот» деген кабарында коммуникация башкармалыгынын Түркиянын бир жылдан бери эпидемия менен  күрөшүнөн сөз кылган turkiyestopscovid.com интернет сайтын ачканын белгилеген. «Адамзат үчүн» деген ураан менен түркчө жана англис тилинде даярдалган интернет сайты Түркиянын бул процессте өз жарандары жана бүткүл дүйнө үчүн  аткаргандарын камтыйт.

«Стар» гезити «Түркия болбостон Чыгыш Жер Ортолук деңиз маселеси чечиле албайт» деген макаласында Италиянын Анкарадагы элчиси Массимо Гиани Чыгыш Жер Ортолук деңизинде маанилүү энергия булагынын бар экендигине ишенишкендерин жана эң узун жээк тилкесине ээ Түркиянын бул аймактын бир бөлүгү экенин белгилегенин жазган. Түркиянын Чыгыш Жер Ортолук деңиздеги абалына көңүлдөрдү бурган Гиани : «Түркиянын адилеттүү катышуусу болбостон бул аймакта  улантууга боло турган бир чечүүчү жолдун табылбай тургандыгын ойлоп жатам»,- деди.



Тектеш кабарлар