Түрк басма сөзү 10.03.2021

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

1598328
Түрк басма сөзү 10.03.2021

«Хабер түрк» гезити «Аба операциясында 25 террорист жок кылынды» деген кабарында улуттук коргоо министри Хулуси Акардын кечээ Румынияга жасаган расмий сапарынан кийин берген билдирүүсүндө Хакрук жана Кандилге карата жүргүзүлгөн аба операциясында  25 террористтин жок кылынгандыгына байланыштуу чалгындоо каналдарынан маалымат алгандыгын айтканын жазган.

«Хүррийет» гезити «ОЕСД: Түркия  5, 9 пайызга өсөт» деген маалыматынта Экономикалык Кызматташуу жана Өнүгүү Уюму ОЕСД вакциналар жана кошумча финансылык колдоолордун таасири менен  маанилүү өлчөмдө жакшыруу болууда деген негиз менен декабрь айында 4, 2 пайыз деп билдирилген 2021  - жыл үчүн глобалдык экономикада өсүү болжолун 5 , 6 пайызга, Түркия экономикасына карата өсүүсүн да 2, 9 пайыздан 5, 9 пайызга жогорулатканын белгилеген.  

«Сабах» гезити «Коргоо өнөр жайынын төрагасы Демир  билдирди : «Түздөн түз атып жок кылды» деген макаласында

HİSAR-O+ ракетасы кечээ акыркы атышы менен эң алыстагы жана эң бийиктеги бутасын таамай  атууда ийгиликтүү болгонун маалымдаган. Президенттиктин коргоо өнөр жай башкармалыгынын төрагасы Исмаил Демир HİSAR-O+ орточо бийиктиктеги абадан коргонуу системасынын ушул күнгө чейин Түркияда болгон эң алыс аралыктагы жана эң бийиктеги сынагынан бутасын түздөн түз атып ийгиликтүү жок кылуу менен өткөндүгүн билдирди.

«Ватан» гезити «Министр Варанк : бардык мезгилдердин рекорду келди» деген кабарында өнөр жай жана технология министри Мустафа Варанктын  кечээ берген билдирүүсүндө : «Өткөн күндөрдө 2020 – жылдагы өсүү саныбыз 1, 8 пайыз деп билдирилди. Ковид  - 19дан улам бардык терстиктерге карабастан өсүүнү уланта алган сейрек өлкөлөрдүн бири болдук. Февраль айындагы экспортубуз бардык мезгилдердин эң жогорку баасына жетип 16 миллиард доллардан ашты»,- дегенин кабарлаган.

«Йени шафак» гезити «Келечеги кең оюнчулар тизмесинде бир гана түрк Эрсин Дестаноглу» деген маалыматында Эл аралык спорт изилдөөлөрү борбору  2001 – жылы төрөлгөн келечектин мыкты спортчулардын тизмесин билдиргенин белгилеген.  Тизмеде Бешикташтын жаш дарбазачысы Эрсин Дестаноглу  5 -  орунду алды.



Тектеш кабарлар